555

Жогорку Кеңештин комитети Кыргызстандын Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенциясына кошулуусун колдоду. Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети бүгүн, 2-февралда болгон отурумунда Кыргызстандын Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенциясына кошулуусун колдоду. УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков маалымдагандай, анын негизинде ядролук материал жоготууга учурабай, аны колдонуу жана сактоодо көйгөйлөр жаралбайт. Р.Мамасадыков белгилегендей, Кыргызстан БУУга мүчө катары ар кандай эл аралык макулдашуулар жана башка КРнын Конституциясын каршы келбеген документтерди кабыл алат.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА