Жайнаков

6-мартта Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы облустук драма театрында Кыргыз Эл артисти Аппаз Жайнаковдун ырларын мыкты аткаргандар үчүн атайын конкурс жарыяланды. Бул боюнча буйрукка КР Өкмөтүнүн өкүлү Жеңиш Разаков кол койду.  Кыргызстанга эле эмес, Казакстанга да таанымал Эл артисти маркум, Аппаз Жайнаковдун 55 жылдыгына карата өтүүчү кароо сынактын атайын жобосу да жарыяланды. Жобого ылайык 3 номинация боюнча сыйлыктар ыйгарылат.  Биринчиси, А.Жайнаковдун ырларын аткаруу чеберчилиги боюнча 3 орун. Экинчиси, А.Жайнаковдун ырларын фольклордук жанрда аткаруучуларга 3 орун, үчүнчүсү, Жайнаковдун ырларын жана обондорун музыкалык аспаптарда чебер ойногондорго 3 орун ыйгарылат.

Адылбек АКМАТОВ, Баткен облусу