жалалабад шаары

Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багыты боюнча

 Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан 2014-жылдын айында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде кандай иш алып барылгандыгы тууралуу маалымат алуу үчүн шаар прокурору Даир Эрмековго суроо салдык.

-Даир Эрмекович, өткөн 2014-жыл ичинде шаар прокуратурасы трабынан мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча аткарылган иш-аракеттер тууралуу маалымат берсеңиз?

-Прокурорлордун мыйзамдарды аткаруудагы көзөмөлдөө иши мамлекеттин мыйзамдуу таламдарын коргоого көбүрөөк багытталып, ишенип берилген аймакта мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрдү, мамлекеттик менчикке жана бюджеттик каражаттарга кол салуунун ар кандай формаларына каршы күрөшүү, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупция көрүнүштөрүн жоюу боюнча иштерди жүргүздүк. Өзгөчө бюджеттик каражаттарга, жер боюнча укуктук мамилелерге мыйзамдуулукту камсыз кылууга көңүл бурулду.

Шаардын аймагында туруктуулукту сактоо, улуттар аралык жана конфессиялар аралык жаңжалдардын келип чыгышына жол бербөө үчүн КыргызРеспубликасынын конституциясынын 16, 31-беренелериңдеги талаптарын аткарууга көзөмөлдөр күчөтүлдү.  Мыйзамдуулукту, коомдук коопсуздукту, укук тартибин чыңдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өз учурунда маалымдоо боюнча ЖМКы менен тыгыз аракеттенүү камсыз кылынды.

Мамлекеттик менчик, бюджет мыйзамдары, жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, жарандардын еоциалдык укуктарын коргоо, салык, экология мыйзамдарынын, контролдоочу органдардын ишиндеги мыйзамдуулукка көзөмөлдүк кылууга көңүл бурулду. Шаардык прокуратура тарабынан 2014-жылдын 12 айында мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багыты боюнча бардыгы болуп, 115 ал эми текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуучулуктар боюнча 278 прокурордук актылар киргизилген.

Мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл багытында 10 кылмыш иши козголуп, 8 кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, соттун кароосуна жөнөтүлгөн, 2 кылмыш иши боюнча бүгүн да тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Жогорудагы козголгон кылмыш иштер бонча мамлекетке келтирилген зыян 2 млн. 904 миң сомду түзөт, аңын ичинен тергөө мезгилинде 429 миң 356 сому ордуна   коюлган.   Ошондой   эле 51  мыйзамсыз   кабыл   алынган   актыларга каршылык билдирүү берилип,  баардыгы канааттандырылган, 53  мыйзам бузуучулуктарды  четтетүү жөнүндө сунуш  киргизилип,   прокурордун  катышуусу    менен 45и каралган, 93 мыйзам бузуучулукту жоюу жөнүндө талап, 6 эскертүүлөр берилген, 65 административдик жана тартиптик укук бузуулар боюнча токтомдор чыгарылды. Прокурордук актыларды кароонун натыйжасында 96 кызмат адамы тартиптик, З8 кызмат адамы административдик жоопкерчиликке тартылышкан. Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында текшерүүлөрдү жана анын негизинде келтирилген прокурордук актыларды былтыркы 2013-жылдын 12 айына салыштырып тапдоо жүргүзгөндө дээрлик бардык багыттары боюнча көрсөткүчтөр сан жагынан көбөйгөндүгү көрүнөт. Бул шаардык прокуратуранын Кыргыз Реогпубликасынын Конституциясынын 104-беренесинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардын чегинде көзөмөл ишин уюштуруп, Башкы прокуратуранын жана облустук прокуратуранын буйруктарын, көрсөтмөлөрүн, тапшырмаларын жана коллегиянын чечиминде коюлган милдеттерди аткаруу менен шартталды.

-Даир Эрмекович, өлкө боюнча жаш балдарга карата болгон зордук зомбулук жөнүндө маалыматтар көбөйүүдө, шаар прокуратурасы бул багытта кандай иш алып барууда?

-Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан 2014-жылдын 12 айында көзөмөл иретинде жашы жете электер жөнүндө мыйзамынын аткарьшы боюнча 19 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен мыйзам бузуучулуктуу четтетүү боюнча 10 сунуш, 7 талап берилип, мыйзамсыз кабыл алынган 1 укуктук актыга карата каршылык билдирүү келтирилди. Прокурордук актыларды кароонун жыйынтыгында 12 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Бул менен катар 3 доо арыз келтирилди.

Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодексинин 100-беренесинин 1,2-бөлүмүнүн талаптарына ылайык зомбулуктан жана (же) ырайымсыз мамиледен жапа чеккен балага анын дене-бой саламаттыгын жана психологиялык абалын калыбына келтирүү үчүн зарыл медициналык, укуктук, психологиялык жардам милдеттүү түрдө берилиши, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык андан кийинки аны реабилитациялоо керек экендиги белгиленген. Мындан тышкары, аталган Кодекстин 101-беренесинин 1-бөлүмүнүн талабына ылайык ата-энелер, аларды алмаштыруучу адамдар жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, медициналык мекемелер, укук коргоо жана башка ыйгарым укуктуу органдар зомбулукка же ырайымсыз мамилеге кабылгандардын дене-бой саламаттыгын жана психологиялык абалын калыбына келтирүү жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык зарыл чараларды кабыл алууга милдеттүү.

Бүгүнкү , мисал катары карасакжаш өспүрүм А.О.го карата айыпкер К.Кочоров тарабынан зордуктоо аракеттери жасалгандыгына жана ырайымаыз мамиледен жапа чеккендигине карабастан, анын психологиялык абалын калыбына келтирүү боюнча Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан эч кандай иш-чаралар өткөрүлбөгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен шаардык мэрдин наамына 2014-жылдын 15-июлунда мыйзам бузуучулукту четтетүү жөнүндө талап берилип, талапты кароонун жыйынтыгында мыйзам бузуучулук четтетилди.

Укук бузуулардын алдын алуу мыйзамынын аткарылышы боюнча 1 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 1 сунуш, 1 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

Жашы  жете электердин арасында баңгилик менен күрөшүү боюнча мыйзамдардын аткарылышы боюнча 2 текшерүү жүргүзүлгөн, анын жыйынтыгы менен 1 сунуш берилип, 1  талап берилди, 1 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

Башка мыйзамдардын аткарылышы боюнча 5 текшерүү жүргүзүлгөн, анын жыйынтыгы менен 4 сунуш берилип, 3 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылган, 1 каршылык билдирүү келтирилди, 2 талап киргизилген. Буга мисал катары, Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын Балдарды коргоо боюнча ыйгарым органдын аймактык бөлүмүндө текшерүү жүргүзүлгөндө төмөндөгүдөй мыйзам талаптары тийиштүү деңгээлде аткарылбай жаткандыгы аныкталды.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодексинин    27-беренесинин 2-бөлүмүнүн 23-пуктунда – балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү «турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо маселелери боюнча» өз кызматкерлеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин кесиптик даярдыктарын жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү сыяктуу функцияларды жүзөгө ашырары белгиленген.

Бирок, текшерүүдө аталган бөлүм тарабынан 2014-жылдын 4 айында бул багытта иштер аткаруусуз калып, турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо маселелери боюнча бөлүмдүн кызматкерлеринин жана мэриянын кызматкерлеринин арасында кесиптик даярдыктарын жогорулатуу боюнча бир да жолу иш-чаралар өткөрүлбөй текшерүүнүн жыйынтыгы менен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын  башчысына 2014-жылдын 28-апрелинде мыйзам бузуучулукту четтетүү жөнүндө  талап берилип, талапты кароонун жыйынтыгында мыйзам бузуучулук четтетилди.

– Шаарыбызда  кылмыштуулуктун жалпы абалы жөнүндө маалымат берсеңиз?

-Өткөн жылы шаардын аймагында жалпы 1 497 арыз жана билдирүүлөр Катталган арыз жана билдирүүлөр боюнча отчёт мезгилинде 387 кылмыш иши козголгон. Белгиленген мезгилде жалпысынан шаар аймагында 281 адам кылмыш жасап, анын ичинен 62си аялдар болуп, бул көрсөткүч 2013-жылдын 12 айына салыштырмалуу өсүп, 24 аял кишиге көбөйгөн.

Бул жагдайлар аялдар коомдо активдүү ролдо болуу менен коомдук тартипти бузуу, бирөөнүн мүлкүн ачык түрдө тартып алуу сыяктуу, эркектер тарабынан жасалган кылмыштарды жасап жатышкандыгынан кабар берет.

Мындан тышкары, жашы жетпеген өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштар да өзгөчө орун алып, 15 жаш өспүрүмдүн кылмышка катышкандыгы аныкталган. Жашы жетпеген өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштарга талдоо жүргүзүүдө аларга ата-энеси же камкордукка алган адамдар тарабынан көзөмөлдүн жоктугунан жана мектеп-педагогдору тарабынан тарбия тийиштүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүгүнөн, алар тарабынан көбүнчө уурулук, хулиганчылык сыяктуу кылмыштар жасалгандыгы аныкталды.

-Өзгөчө оор кылмыштар да орун алдыбы?

-Жогоруда белгиленгендей катталган арыз жана билдирүүлөр боюнча козголгон кылмыш иштердин ичинен 8 өзгөчө оор жана 5 оор кылмыштын катарына кирет, отчет мезгилде оор жана өзгөчө оор кылмыштадяын 100 пайызы ачылган,

Мисал катары белгилей кетсек, өткөн жылдын 9-июлунда саат 14.00дөр чамасында Жалал-Абад шаарынын Жеңиш кичи районунун Миң-Өрүк көчөсүнүн 36-үйүнөн ушул эле үйдө убактылуу жашап турган 1967-жылдын 18-январында туулган Исак Ботобаев баш бөлүгүндө жаракаты бар, күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган.

Аталган факты боюнча 2014-жылдын 9-июлунда Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмчөсү тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 97- П бер. 1-6. көрсөтүлгөн кылмыш курамдары менен 32-14-210 сандуу кылмыш ишикозголгон. Бул менен катар 2014-жылдын 10-июлунда Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө И.Ботобаевдин жубайы Г.Оторова арыз менен кайрылып, анда жолдошу каза болгон күнү ал менен кошо кызы 2001-жылдын 22-январында туулган О. А. болгондугун, бирок ошол күндөн тарта дайынсыз жоголуп жаткандыгын билдирген.

Козголгон кылмыш иштин алкагында жана А.О. дайынсыз жоголгондугу боюнча ыкчам издөө иштер жүргүзүлүп, И.Ботобаевдин өлүмүнө жана А.О.ну уурдоого, зордуктоого шектүү катары Кубанычбек Кочоров кармалып, ал тарабынан

төмөндөгүдөй жагдайда кылмыштар жасалгандыгы аныкталган.?

Ал 2014-жылдын 6-июлунан 7-июлуна караган түнү Жалал-Абад шаарынын Жеңиш кичи районунун Миң-Өрүк көчөсүнүн 36-үйүнө келип, ал жерде убактылуу жашаган И.Ботобаевдин уктап жаткандыгынан пайдаланып, анын кызы А.О.ну күч колдонуп, зордуктоого аракет кылган учурда И.Ботобаев ойгонуп кеткендигин көрүп, аны өзү менен кошо ала жүргөн кычкач менен баш бөлүгүнө уруп өлтүрүп, андан кийин А.О.ну колу-бутун спирал зым менен байлап, жыныстык катнашта болгон.

Бул кылмышы менен токтолуп калбастан кылмыштарын жашыруу максатында А.Ону эркине койбостон уурдап, аны Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан №10-түзөтүү мекемесине караштуу имаратка алып келип, ал жерде А.О.ну мыйзамсыз эркиндигинен ажыратып, эркине каршы зордуктоо аракеттерин жасап, уруп-сабап, денесине оор жаракат келтирип, андан кийин Сузак районунун аймагында А.О.ну алып жүргөн жеринен кармалган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 59,60-бер. негизинде белгиленген жазалар жарым-жартылай жана мурдагы өкүм бокжча өтөлө элек бөлүгү кошулуп, К.Кочоровдун мүлкүнө конфискация колдонуу менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылды. Жазасын өзгөчө тартиптеги абактарда өтөөсү белгиленди.

– Кылмышка шектүү деп кармалгандарга күч органдары тарабынан кыйноо жана   ырайымсыз мамиле жасоо учурлары болоору  айтылып жүрөт  мыйзамдуулукту көзөмөлгө  алган орган катары прокуратуракызматкерлери тарабынан кандай жумуштар аткарылууда?

-Өткөн 2014-жылдын 12 айында Жалал-Абад ШИИБне жалпы 148 текшерүү жүргүзүлгөн, башкача айтканда дайыма көзөмөлдө болуп, ал эми 88 текшерүү ШИИБнин Убактылуу кармоо жайында, нөөмөт бөлүмүндө, административдик камерада, кызматтык кабинеттеринде, Курманбек жана Спутник милиция бөлүмчөлөрүңдө күтүүсүздөн текшерүүлөр жүргүзүлүп турду. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдө адамдарды кыйноо, ырайымсыз мамиле жасоо, жазалоонун адамгерчиликсиз, катаал же адам аброюн түшүрүүчү башка түрлөрүн колдонуу жана мыйзамсыз камакка алуу фактылары аныкталган жок. Ал эми, ШИИБнин Убактылуу кармоо жайында кээ бир мыйзам бузуучулуктар аныкталган, алар боюнча прокурордук чара көрүү актылары келтирилген. Ал эми, Жалал-Абад ШИИБнин тергөөчүлөрү тарабынан кылмыш иштер боюнча шектүүлөрдүн жана айыпкерлердин баш коргоо чарасын тандоодо тергөөдөн жана соттук кароодон качып кеткен, башка жаңы оор жана өзгөчө оор кылмыш жасоого мүмкүнчүлүк жараткан учурларда бөгөт коюу чарасын өзгөртүү фактылар болгон эмес.

Ошондой эле, 2014-жылдын 12 айында шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз кармоо жана мыйзамсыз кылмыш жообуна тартуу фактылары аныкталган жок.

-Маалымат бергениңизге рахмат, ишиңиздерде ийгилик болсун!

Даярдаган Мейманбү АКЖОЛОВА