жалалабад шаары

 Биринчи  “Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2015-жылга карата түзүлгөн перспективдүү планын бекитүү”  маселеси талкууга алынып, депутаттар тарабынан бекитилип берилди. Бул маселеде муниципалдык жерлерди сатууга тыюу салуу б.а. мораторий жарыялоо сунушуна, депутаттар социалдык объекттерди жана көп кабаттуу үй курууга ниеттенген инвесторлорго бул мораторий колдонулбайт деген чечимге келишти. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Каныбек Айтакалов: “Жалал-Абад шаарында сатуу үчүн жер калбай деле калды. Бирок, муниципалдык жерге социалдык объект жана көп кабаттуу үй курууга кызыкдар тараптар болсо, биз аларга шарт түзуп беришибиз керек” – деп белгиледи. Бүгүнкү өтүп жаткан сессияга 31 депутаттан 28 депутат катышууда.

Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу