Швейцария элчиси1

26-февралда Өкмөттүн Жалал-Абад облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева  Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Рене Холенштайн мырзаны кабыл алды деп маалымдайт өкүлдүн басма сөз катчысы. Швейцария өлкөсү Кыргызстан менен 1993-жылдан тартып тыгыз кызматташтыкта иштешип келүүдө.

Өкүл Жумагүл Эгембердиева элчиге облустун аймагында Швейцария өлкөсүнүн колдоосу менен жүргүзүлүп жаткан бир катар долбоорлор натыйжалуу иштеп жаткандыгын белгиледи. Айрыкча биопахта, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бюджетти кабыл алууда жана тургундардын пикир-сунуштарын эске алуу боюнча Швейцария тарабынан бир катар долбоорлор ишке ашырылып жатат. Ошондой эле өкүл быйылкы жылдын июнь айында Жалал-Абадда  биринчи Эл аралык бизнес форум өткөрүү белгиленип жаткандыгын ортого салды жана элчини ошол форумга  сыйлуу конок катары катышып кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Швейцариянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси Рене Холенштайн мырза бүгүн Сузак районундагы Багыш айыл аймагында өткөрүлгөн коомдук угууга катышкандыгын жана карапайым калктын  жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин бюджетин  талкуулоого активдүү катышкандыгына ыраазы болгондугун белгиледи. Швейцария өкмөтү Жалал-Абад шаарындагы суу каналдарын тазалоо боюнча долбоорду ийгиликтүү турмушка ашырууга дагы активдүү көмөктөшүп жаткандыгына токтолду.

Жолугушуунун жүрүшүндө мындан ары дагы кызматташуунун бир катар  аспектилери талкууланды.

  Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу