Загибаев

Анапияевдин өлтүрүлгөнүнө күбө болгонун айтып берген Гүлжигит Абилазизовдун жактоочусу Кайрат Загибаев  26-февралда маалымат жыйында анын коргоого алган адамын Беларусиянын тергөө органдары сурап жатканын билдирди. Жактоочунун айтымында, эгерде ал баргысы келбесе аны беришпейт. «Эгер Беларусиянын тергөөчүлөрү андан сурак алгылары келсе, биздин Башкы прокуратуранын уруксаты жана менин жактоого алган адамымдын макулдугу менен гана мүмкүн»-деди жактоочу К.Загибаев. Ошондой эле, эгер Беларусиянын тергөөчүлөрү сурак жүргүзө турган болсо ал Кыргызстандын аймагында гана жүргүзүлүшү мүмкүн экендигин кошумчалады. “Гүлжигит спорт менен машыгып жүрчү экен. Өткөн жылдын  август айында тааныштары аркылуу Анапияевге жолугуптур. Панкратион боюнча дүйнөлүк чемпиионатка катышууга жардап сурап кайрылыптыр”-  деди жактоочу. Анапияевге Гүлжигит тууралуу кимдир бирөөлөр айтышканда, ал (Анапияев) өзү телефон чалып, чакырган. “Экөө жолугушуп, Анапияев анын үйүндө болуп жаткан нерселерди эч кимге айтпашын, жашырындуулукту сакташын айткан. Ошентип 6 айдан бери чогуу жашап жүрүшкөн” – деп билдирди Загибаев. Аны менен катар Кыргызстандын ички иштер министрлиги ага (Гүлжигитке) күчтүү медициналык жана психологиялык жардам көрсөттү. Мен  бул үчүн ыраазычылык билдирем”, – деди К. Загибаев.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА