балаты оюн

Жаңы жылды башка майрамдарга караганда шаңдуу тособуз. Майрамдык кийим тандоо, үй ичин жасалгалоо, жылдын кожоюну – кой каалагандай дасторкон жаюу менен өзгөчөлөнүп, чоңубуз да, кичинебиз да белек күтөбүз, жаңырчу жылга илгери үмүт артабыз.

Жылга жалпы мүнөздөмө

2015-жыл чыгыш жыл наамасында көк жыгач эчки же көк кой. Кой жыл коймаарек тартып, мейманчыл жана чыдамдуу, көтөрүмдүү жылдардан болот. Кой жылы бардык жылдыз төлгөсүндөгүлөргө ийгиликтүү жана абдан кызыктуу жылдарды тартуулайт. Ийгилик өзү келет дебестен, жалкоолукту таштасак гана ийгилик жылоолойт дейт жылдын ээси. Жаңы жылды абдан көңүлдүү тосуу керек. Ошол эле убакта ар кандай ызы-чуу, фейерверктердин атылышын, спирт ичимдиктерин кой жаныбары жактырбайт. Андыктан, алкоголь ичимдиктерин ашыра колдонуудан жана өтө ызы-чуулуу шаан-шөкөттөн алыс болуңуз. Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам болгондуктан, балдарыңызга жана жакындарыңызга кымбат болбосо да көңүлүңүздөн чыккан белектерди берип, кубантыңыз. Майрамда көңүлдүү болсоңуз жыл абдан жакшы, салмактуу салым кошкон жылдардан болот. Кой – башка жаныбарлардан айырмаланып, тынчтыкты жана ынтымакты, эмгекти сүйгөн үй жаныбары.

 Майрамдык интерьер

Ар бир Жаңы жыл үйдү жасалгалоодон башталат. Майрамды балдар кандай күтсө, чоңдор да бул майрамды чыдамсыздык менен күтүп, үйдүн ичин өзгөртүүнү каалайбыз. Адамдар сыяктуу эле кой дагы жайлуулукту жана жылуулукту сүйгөндүктөн, үй ичиндеги интерьерин жаңыртсак, туура жасалгаласак көк жыгач кой үй-бүлөгө бакыт, ийгилик тартуулайт экен. Андыктан Жаңы жылга жаңы жыгач эмерек алсаңыз аздык кылбайт. Анткени, жылдын атрибуттары (койдун, козунун, эчкинин, улактын статуеттери же аттын такалары сыяктуу буюмдар) жыгачтан болгону оң. Кой көк болгондуктан бөлмөлөргө көк, жашыл өңдөгү буюмдарды, жумшак эмеректерди койгонду унутпаңыз. Кой-эчкинин тамагы чөп болгондуктан, жасалма болобу же өсүп турган бөлмө гүлдөрүн койсок, үйдүн көркүнө көрк кошот. Эң башкысы үй кожойкенин табитине жана ой-чабытына жараша жасалгаланат.

 Жаңы жылдык дасторкон

Жаңы жылдын кожоюну майрамдык дасторкондо сүт азыктарынын түрү болушун каалайт. Андыктан, дасторконго каймак, сырдын 2 же 3 түрүн жана быштактан даамдуу, таттууларды жасаңыз. Ар бир тамакты жыттуу, көк чөптөр (ашкөк, селдерей, кинза ж.б.) менен кооздоңуз. Жаңы жылдык дасторкон жыгач идиштер менен жасалгаланса бакыт, ынтымак, ийгилик алып келет. Кооз идиштерге жемиштин түрүн кооздоңуз, дасторконуңуздун көркүн ачат. Ар кандай таттуу десерттерди койсоңуз жыл ийгиликтин үстүндө болуп, кубаныч жылоолойт. Ысык тамакка балык этинен сорпо же коюу тамактарын бериңиз. Мындан сырткары, койдун жана эчкинин этинен башка жылкынын, уйдун этинен ассорти дасторконго коюлат жана ысык тамактарды жасаганды унутпаңыз. Кооздоо ар бир кожойкенин табитине жараша.

 Асел  БАРЫКТАБАСОВА