юрта1 юрта

Нургүл Исакова кесиби боюнча экономист жана юрист. Буга чейин борборубуздагы банктардын биринде иштеген. Балким, ал жердин айлыгы бирөөгө көп, бирөөгө аз. Бирок, Нургүлгө айлык-акыга жашоо, азыркы замандын талабына жараша өтө эле оор.  Ошентип, анын ишкер болушуна айлык-акынын жарытылуу эч нерсеге жетпеси негизги себеп болгон.  Декреттик өргүүдөн кийин көбүрөөк акча тапсам деп кыялданган.  Эмне кылсам болот  деп көпкө ойлонот.   Аталган тамак-аш сатуучу жайларды ачуу боюнча Нургүл  бир тууган агасы менен акылдашып, бирок, айтылган кептер сөз жүзүндө эле калып калбастан, андан аркы идеяны ишке ашыруу түйшүгүн Нургүл айым өз мойнуна алган.  Көчөдөгү  америкалыктардын, түрктөрдүн жайнаган шаурма, гамбургерлеринин сиңимдүүлүгү начар, зыяндуу компоненттерден тураары белгилүү. Башында кызыгып алып жегендер, бара-бара анын зыяндуу экенин түшүнүп жатышат. Түшкү тамак убагы келээрде  көпчүлүк адамдар кайда барып, эмне менен тамактана тургандыгы  күн сайын бир аз болсо да көйгөй жаратаарын Нургүл жакшы билет. Ошого карата  пайдалуу,  кандайдыр бир өзгөчөлөнгөн тамак-аш болуш керектигин ойлоп, атын кыргыздын боз үйү деп, анда ырыскы, береке, кут болоорун эске алган.

Нургүлдүн тынбаган аракети, мээнеткечтиги менен анын кыялдары орундалат. Ишкерлик жагынан анын өнөрү, таланты бар экен. Учурда борборубузда  Нургүл тарабынан ачылган  Юрта манты деп аталган соода түйүндөрү иштеп жатат. Анда эт, картөшкө, ашкабак, жашылчалардан жасалган мантынын 5 түрү менен оромо  жасалат. Сатып алуучуларга мантысы менен  атайын фирмалык соустары кошо берилет. Мындан сырткары хашан, боорсок жана каттаманын үч түрү бар. Каймак, бал же коюлтулган сүттү боорсогуна кошуп сатышат. Баалары өтө кымбат эмес, чөнтөгү жука адамдардын тамактануусуна ылайык келгендиктен, кардарлардын саны улам көбөйүүдө.  Айрыкча мекеме кызматкерлери, түшкү тамактанууга, кеч жумуштан кайткандар  даяр тамакты үйүнөн жегенге сатып алышууда. Мантыны даярдоо түйшүгүн ар бир үй кожейкеси жакшы билет.  Даамдуу, пайдалуу тамак болгондуктан, негизинен бардык эле адамдар сатып алышууда. Атайын цехтерде даярдалып, шаардагы ар бир атайын сатылуучу жайларга жеткизилет. Бизнес-лединин келечекте алардын санын дагы көбөйтүп, шаарда чоң боз үй кафе ачсам деген тилеги бар.

Бактыгүл КУЛАТАЕВА