Кыргызстан1

Эл-журтту, бардык улутту бириктирип,

Достукту чыңдап, ар-намысты,

Ата салтты бекем сактап,

Арыбай эмгектенип, терең билим алып,

Табийгатты сүйүп, аны баалап

Чыңдайлы Кыргызстанды

Көздүн карегиндей бекем сактап…

Ушуну ар мырза билип жүрсүн,

Бекемдеп жүрөгүнө түйүп жүрсүн.

Элин-жерин, ата-журтун,

Жар сүйгөндөй өмүр бою сүйүп жүрсүн.

Ушуну ар бир айым билип жүрсүн,

Жүрөгүнө бекемдеп түйүп жүрсүн.

Элин-жерин, ата-журтун

Эр сүйгөндөй өмүр бою сүйүп жүрсүн!

Манапбай НУРМАМАТОВ