сезим

Мыйзам жана мезгил

Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоо боюнча социалдык-укуктук чаралар жөнүндөгү” мыйзамы кабыл алынгандан бери 12 жылдын жүзү болду. Он чакты жыл мурда аталган мыйзамды кабыл алууга демилге көтөргөн жарандык уюмдардын аракетин коомчулук мыскылдуу кабыл алып, муну “батыштын” ишараты менен болуп жаткан баланын оюнундай кабыл алган жагдайы бар эле. Үйдөгү зомбулук жана анын келтирээр кесепетин сөз кылсаң “бүлөнүн ички турмушуна кийлигишкенге болбойт, эрди-катын урушат, эси кеткен болушат” дегендер оозуңду аппак кылганга ашыгышчу.

Андан бери эмне өзгөрдү? Турмуш кимдики туура экенин далилдеп жатат? Мына деп жая салчу статистика болбогону менен эки күндүн биринде айбан жасабай турган жорукту жасаган бачабаздардын наристелерге кол салып, жырткычтык менен сабап жатышканын, ашынган зөөкүрдүн бала-чакасын каратып туруп аялын мууздап салганын кабарлаган фактылар эл арасын дүрбөлөңгө салып, “уйкуда жаткан” мыйзамдын аткарылыш шарттарын карап чыгууга мамлекеттик бийлик органдарын да, коомдук уюмдарды да мажбурлап жатат. Мыдырап жаткан мыйзамдын аткарылышын “аралаштырып” көргөндө эмнелер “калкып” чыкты?

Өткөн жумада балдарга карата зомбулукка каршы иш алып барган мамлекеттик органдардын башын кошуп, жыйын курган Өкмөт башчы мыйзамды аткаруудагы алешемдиктердин абдан эле арбын экенин кеңешменин башында эле байкап, башын чайкоого аргасыз болду. “Жабылуу аяктын “ астындагы жара ырбап отуруп, мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч келтирчү абалга чейин жеткени ушул жыйында айкындалды. Коомдук уюмдардын нечен жылдан бери чырылдап келатканынын жөнү бар экенин азыркы кырдаал далилдеп койду.

Жогорудагы мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуу үчүн коомдук уюмдар үй-бүлө­дөгү зомбулукка каршы аракеттеги негизги фигура болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин дээрлик бардык курамын бир нече жылдап окутушту, нечен тренинг, семинарлар уюштурулуп, тонналаган кагаздар чыгарылып, мыйзамдын чийки жери калбагандай эле абалда бышыкташты. Ошондон кийин карыш-карыш, сөөм-сөөм болсо да жылыш болду, ал мыйзамдын бирден бир уңгусу болгон убактылуу коргоочу ордерди зөөкүргө эскерткич катары берилиши менен албууттанган зөөкүрдүн аз да болсо жели чыгып, жээликкени басайды. Анткен менен үйдөгү зөөкүрлүктөн запкы көргөндөрдү коргоого багытталган органдардын ишмердигин жөнгө салуучу чаралар дале таасирсиз, чабал болуп жатат. Чукул кырдаалда чара көрүүгө багытталган чечимдерди кабыл алуу жумалап созулат, натыйжада жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна таасир этүүчү абал түзүлүшү толук ыктымал. Зомбулуктун же катаал мамиленин курмандыгы болгон адамдын абалын аныктоонун жана коргоонун так механизмдери иштелип чыккан эмес. Саламаттыкты сактоо мекемелеринде учурдун талабын эске алуу менен атайын инспектордун нөөмөткө турушу киргизилди, бирок азырынча зомбулуктан жабыркагандардын абалын, алардын муктаждыктарын аныктоо боюнча туруктуу маалымат жыйноого милдеттендирүүчү укуктук-нормативдик документтер иштелип чыга элек. Азыркы күндө жабырлануучулардын үйдөн запкы көргөнүн жергиликтүү коомдук мекемелердегилер көрсө көрмөксөн, укса укмаксан. Тескерисинче, соттук териштирүү учурунда зөөкүрдүн “алибиси” жетишпей баратса, коңшу-колоңдор “колдоочу топ” болуп келип “өз көзүм менен көргөм, өз кулагым менен уккам” дегендей көрсөтмө берет. Сот “коомдук пикирди” эске алуу менен зөөкүрдү ошол жерден актап жибергенге мүмкүнчүлүк алат. Минтип күнөөкөрдүн жазасыз калышы зомбулуктун андан ары өрчүшүнө шыкак болуп жаткандай.

“Катын казанды калдыратканды билсин…”

Кылым алмашып, доор өзгөрүп, баары алдыга умтулуп жатса да бизде аял-эркектин ортосундагы теңчилик маселеси артка, таш дооруна карай жылып бараткандай. Бул “жылыш” Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен “Сезим” борборунун биргелешкен долбоорунун чегинде уюштурулган Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй аймактарында уюштурулган тегерек столдогу жолугушууларда байкалды. Үрүл-бүрүл диний көз карашты кармангандар, аял-эркек мамилесин “иретке” келтиргиси келгендер, улуттук кааданы тутунам дегендер үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу сөз болгондо баягы, баягы “аял деген бооз, жылаңайлак, жылаңач, очоктун жанында отурушу керек” деген кеп байыркы идеологияны жактаган сабатсыз, караңгы адамдардан эмес, мамлекеттик жооптуу кызматты ээлеп отургандардан чыкты. Эгерде зомбулуктан запкы көргөндөргө жардам көрсөтүү милдети мына ушундай көз караштагы кызматкерлерге жүктөлсө маселени чечүү кыйла кыйындайт го деген ой кетти.

Жогоруда аталган мыйзам сыяктуу эле үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу, андан жабыркагандарга укуктук-социалдык жардам көрсөтүү демилгелери жергиликтүү мамлекеттик органдар тарабынан сырттан таңууланган милдет катары кабыл алынып жатканы өкүндүрөт. Жеринде талкуулаган учурда дээрлик бардык мамлекеттик органдардын кызматкерлери “биздин аймак үчүн маанилүү, муктажбыз” деп кызуу колдоого алганы менен “социалдык кызмат көрсөтүүнү уюштурууга колдоо керек, кошумча каражат талап кылынат, социалдык кызматкерге айлык маяна, отура турган жай, техникалык жабдуулар зарыл” деген каттар Нарын, Талас, Ысык-Көл облустук администрацияларынан республиканын Социалдык өнүктүрүү министринин наамына келип түштү. Калкка социалдык кызмат көрсөтүү жалгыз эле министрликтин, же министр К.Базарбаевдин эле милдети эмес, жергиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен буга чейин салык чогултуудан тартып, шайлоо тизмесин түзүүгө чейинки түмөн-түркүн жумуштарга басырылып калган социалдык кызматкерди ашыкча жүктөн арылтып, кызматтык түз милдетине багыттоо анчалык каражатты деле талап кылбаса керек. Бул жерде маселе материалдык базада эмес, учурдун актуалдуу маселеси болуп турган үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу, андан жабыркагандарга жардам уюштуруунун маанисин жеткиликтүү түшүнүүдө жаткансыйт.

Ал ортодо…

Эстен чыккан мыйзамды эстөөгө эки жашар баланын аеосуз запкы көрүшү себеп болуп, укук коргоо органдары жакында “Камкордук” деген рейд өткөрүштү. Ошол замат эле А.Петрушевский жетектеген “Балдарды коргоо” борборуна үй-бүлөсүнөн запкы көргөн жүздөн ашуун баланы алып келишти. Биринин буту аксаган, биринин денеси көк ала, жөтөлгөн, ыйлаган, арып-ачкан, үйүнөн качкан бозгун балдар…

21-январь күнү Сокулук райондук Жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери 35 жаштагы зөөкүр 2014-жылдын күз айынан бери алты жашар жээнин сабап келгенин аныкташты. Үйүн тинткен учурда зөөкүрдүн кызды сабап жүргөн арканын, кайыш курду, таякты табышты. Кыздын жаткан жерин текшергенде кандын тактары байкалды, наристенин денесинде тамтык жок көк ала, бети тытылган, башы жарылып, мээси чайкалган. Натыйжада кыз Сокулук райондук ооруканасына жөнөтүлүп, зөөкүргө карата кылмыш иши козголду.

***

Адам укугу туташ бузулуп, кызыкчылыгы корголбой турган коомдо өнүгүү, өсүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан, бүткүл мамлекеттик саясатты үй-бүлөнү бекемдөө, үйдөгү зомбулукту ооздуктоо маселесине бурушубуз зарыл болуп турат.

Сүйүн Курманова