Вупперталь2 Вупперталь Вупперталь1

Германия  дептеринен

Германиянын  Вуппер  дарыясынын боюндагы  алты  шаар:  атын  атап  айтканда,  Вуппер,  Бонн,  Леверкузен, Бергин-Гладбах , Ремштайд жана  Золинген  1929-жылы  бириктирилип,  “Чоң Вупперталды “ түзүшкөн. Бул  аймактын  жеринин  рельефи түз, тегиз   эмес,  ойдуңдуу,  дөбө-дөңсөлүү, ой-кырга  бай, көз күйгүзгөн  чытырман  токойлору, көгүлтүр толкунун жыбыраткан   мелмилдеген  көл  сыяктуу жапжашыл талаалары менен таасирлентет. Вуппертал – байыркы  шаар. Бир  мезгилдерде айрыкча ХVIII  кылымдын  аягы ХIХ кылымдын  башында  текстиль өнөр  жайы дүркүрөп  өнүгүп, кездеме  токуп  чыгаруу  боюнча  Европага  аты  таанылган. Өтө бай  адамдар, завод-фабрикалары  катар-катар   өнүккөн  капиталисттер, соода  менен  алектенген  соодагер-миллионерлер кыскасы, чириген байлар көп  жашаган. Алардын салган виллалары, хан сарайлары, дворецтери  Батыштын эң мыкты  архитектурасынын  каймактарынын  колунан  кайталангыс  болуп курулган. Тилекке  каршы, Экинчи   дүйнөлүк  согушта   фащисттик  Германия  капитуляция  болгондо, алардын  дээрлик  басымдуу  бөлүгү  талкаланып, таланып-тонолуп  бүлгүнгө  учураган. Азыркы   кезде алардын  калдыктары  т.а. кайра  реставрациялангандан  кийинкиси  да” сыры  кетсе да, сыны кетпестен” абалкы  кооздугунан  кабар  берет. Ал эми  жакырлар, кедейлер  жашаган  кварталдар  өзүнчө жайгашкан.  Көп  кабаттуу  үйлөрдүн  сыртынан  эч  нерсе  байкалбаганы  менен  эски, тар бөлмөлөрдө көбүнесе   жалданып   иштеген   бей-бечаралар  күн  кечирген.  Керелиден  кечке каржалып    жумушта иштеп,  бутун  араң  сүйрөп  келген  проллетарлар  өлбөстүн  күнүн  көргөнүн  эски  муундагылар  жакшы  билет.  Вупперталдын  эски, тарыхый  борбору- Бармен,  экинчиси  тактап  айтканда,  азыркысы –Эльберфельд. Бул  шаардын  дагы  бир  өзгөчөлүгү дүйнө  жүзүндө  эч бир шаарда  кездешпеген, эч  кимде  жок асма 18-20  метр бийиктиктеги  темир жол- Швебебан  Вуппер  дарыясынын  үстүнө  рельсалар боюнча жүрүп, чыгыш  менен  батышты  байланыштырып  турат. Бул  уникалдуу  асма  темир  жол    1898-1903-жылдардагы   немец  инженерлеринин  ойлоп  тапкан техникадагы  мыкты жетишкендиги. Мындан  башка  дагы  бир тарыхый  борбордогу тарыхый эстелик  проллетариаттын  улуу  жол  башчысы, эл  аралык   Коммунисттик  партиялык  кыймылдын  көрүнүктүү   жетекчилеринин   бири   Фридрих  Энгельстин  үй  музейи  орун  алган. Өз  мезгилинин  чыгаан   лидери Ф. Энгельстин   туулган   жери   Бармен  шаары.

Леверкузен  шаарында фармацевтика  тармагы  аябагандай   өнүккөн.  Дүйнө  жүзүнө  таанымал  “Байэр”  компаниясы   фармацевтикалык өндүрүшүнун көлөмү, ассортименти,  продукциясын  тышкы рынокко  экспорттоо боюнча алдына  ат  салдырбайт. Аспиринден  баштап, заманбап  технологиядагы  медициналык аппараттар, жабдуулар,  препараттар, дары-дармектердин сан миң  түрү чыгарылат. Мындан  башка  айыл  чарбасына   кеңири   колдонулган  химикаттар, эл  керектөөчү  товарлардын түрлөрү, өнөр жайынын  ар кыл  тармагы өскөн.  Леверкузенден илгертен  бери  дүйнөгө  таанымал  спортсмендер  көп  чыгат, анткени спортко  аябай  көңүл бурулган, эң  мыкты  шарттар  түзүлгөн.

Золинген  шаары  болсо,  дат  баспаган  металлдарды  иштеп чыгаруу  боюнча дүйнөгө таанылган  кичинекей  каала.   Миз жасоочу;  бычак, кашык, айры, кайчы алардын  көптөгөн түрлөрү  жана башка  инструменттерди жасап  чыгарган завод иштейт.” Золинген – (миз)лезвиянын  шаары” деп  бекеринен  аташпайт.

Золинген  менен Вупперталды  бөлүп  турган  Вуппер  дарыясы   кудум  биздин Ошту  аралап  аккан  Ак-Буура  дарыясындай, бир   айырмасы  Вуппердин  суусу  мелмилдеп  кышын–жазын  дарыяны толтуруп агат,  суунун  эки  тарабы   жыш  бак-дарактар менен  оронуп алган.

Вупперталды  эмнеге  жашыл  шаар деп аталып  калышынын  дагы  бир себеби  ошол аймакты бүтүндөй токойлор  курчап  турат. Күзгү  буудай себилген  талаалар жапжашыл, кулагын   тикчийткен  көк   буудайдын   бою  беш-алты сантиметр. Декабрь кирип келгенине  карабай, табият жашыл түсүнөн арыла  албай турат. Эртең  мененки   чыкыроон   ызгаар ачык жерде, бийигирээк  дөңсөдө  бети-башыңды  тызылдатса, ойдуңда   жылуураак,   какшагы  кайтып  калгандай  туюлат. Солингендин  Флоскетхол деген  жеринде  үйлөр  каз-катар  жайгашып  келип,  токойдун   ичине   кирген  сайын  сейрек, бири-биринен  алысыраакта. Немецтер  өтө таза, үйлөрүн иреттүү жана табиттүү жасалгалаган калк. Гүлдөрдү  жакшы   көрүшкөнү  кадам   сайын  байкалат.  Эшик-терезесинде, балкондо, террасада, кала берсе үйдөн чатырында  да гүл өстүрүшөт. Короосунун  алдына ар кайсы  айбанаттардын кейпин (бугу, мышык, короз, коен ж.б.),  Санта-Клаус, күлкү   келтирерлик,  юморлуу чоң-чоң    сувенирлерди  коюп, кайсы бир  образды  чагылдырышат. Кол менен жасалган,  колдун энергетикасына  жуурулушкан  буюмдарды  баалашат. Немецтин  ар  бир  үйүнүн  короосунан  өзүнүн табитине жараша декоративдүү дарактардан жасалган кайсы бир сюжетти көрөсүз. Үйлөрдүн  дээрлик бардыгында  сырткы каалгасынын  бир бурчунда  үй  ээсинин аты-жөнү, кесиби (көбүнчө аялдарыныкы) жазылган  тактайча, кат, гезит-журнал сала  турган үкөк, көркөмдүү  коңгуроо илинип  турат. Коомдук  тартипти, тынчтыкты сактоо, ар бир кишиге таандык нерселерге урмат менен мамиле кылуу  жазылбаган  мыйзамдай.

Айткандай, биз  Вуппер (немецтер Вуппа  деп эркелетишет) дарыясын  кесип өткөн шоссе  жолдо токой аралап  баратабыз.  Бир мезгилдерде  Экинчи дүйнөлүк  согуш бүткөндөн  кийин  өрттөнгөн, талкаланган,  аңга  айландырылган  талаа –токойлорду  калыбына  келтирүү, жашылдандыруу максатында 1953-жылы  Азия,  Америка,  Канада,  Россия  мамлекеттеринен  арчанын  көчөттөрүн   алып келип, токойлорго отургузушкан. Ошондогу  арча, карагайлар азыр көктү тиреген, көк  менен көрк  талашкан, кышы-жазы  жапжашыл чөлкөмгө  айланган. Азиядан  келген карагайлардын  ичинде  Кыргызстандын ийне жалбырактуу  карагайлары бар  дешти. Эң  кызыгы, көз  алдыңызда  токойдун түсү кубулуп отурат… Канаданын  түбөлүк  жашыл түстөгү чатыраган  токою  күл түспөлдөнгөн  көгүш  карагайларга алмашат. Кош дөбөлүү дөңсөнүн  жол  тарабындагысы  жапжашыл  дүркүрөп  өссө,  экинчи  жагында  суйдаң,  ар  кайсы  жерде сербейген,  ала-була,  бутагы   да кыска   карагайларды көрүп  таң  калдым, сел  жууп  кетеби  же таштактуубу  дейин   десең  эч нерсеси байкалбайт, жеринин  кыртышы бирдей  . Жолдун оң кол тараптагы  ойдуңда   бутак-шагы билинбей чырмалышкан   калың  токой дүңкүйөт,  кудум жомоктогу  токой,  жомоктогу  сулуулук,  жомоктогу  пейзаж.  Жамгыр  көп жааганданбы  же  жогорку  нымдуулуктанбы, ар бир дарактын баштан аяк  бүт тулкусу  жапжашыл, нымжан майсаңга оронуп  алган. Килейген бир бутакта   мурду, көзү бар, ооздорун чормойтуп өбүшүп тургандай  сүрөттү,  аялдын  тирсейген  кош эмчегин  көрүп, токойдун   өзүнчө  көркөм галереясы,  табийгый  сүрөтканасы  бар экенине  ынанасыз.  Күрөң-кызыл, күрөң агыш,  чымкый  кызыл жалбырактар  кат-кат төшөлгөн. Токой тонун чечип алганы  менен  майда  бадалдар түсүн бербей бой керет. Карагайдын кеминде беш -алты түрү бар. Көк түстүү, жашылы,  жазы  жалбырактуусу, балатыга окшошкону, жамбашы  килеңдеген  жайык, учтары кууш, типтик болуп  түс өскөнү,  деги койчу, бир мезгилдерде  дүйнөнүн төрт тарабынан  келген  “жашыл перилердин” чейрек  кылымдан  ашыгыраак   мезгилде дүркүрөгөн чытырман  токойго айланганын  көрүп, ушуну   тиккен  адамдарды ичимден  алкадым.

Ризван   Исмаилова, Бишкек-Москва-Дюссельдорф