темир жол

Кыргызстанга гана эмес, Орусияга да белгилүү инсаныбыз Абдырахман Юсубалиев 1995-жылдан бери Кыргызстан аркылуу өтүүчү Улуу Жибек темир жолун куруу максатында чоң долбоордун үстүндө иштөөдө. Бул жөнүндө гезитибизде кабарлап келгенбиз.

Ал бүгүнкү күндө да Россия-Кыргызстан биргелешкен “ЕАЭС-Евразиялык Транссибирь темир жол магистралы” жоопкерчилиги чектелген коом түзүп, анын алкагында иш алып барууда. Көптөгөн кыйынчылыктарга карабай алган багытын туура аныктап, анын өтөөсүнө чыгып, быйылкы жылы “Кыргызпатенттен” №2432 “Евразийская Транссибирская железнодорожная магистраль-Щелковый путь ХХI века” деген аталыштагы долбоордун автору болуп катталган.

Транссибирь темир жол магистралы Чыгыш цивилизациясынын чыйыры – Улуу Жибек жолу болуп саналат. Бул темир жол Россиядан башталып, Казакстан, Кыргызстан, Кытай аркылуу Индия, Пакистанга чейин уланат.

Биз бул багытта азыркы күндө аталган темир жол куруу боюнча иш алып барган “ЕАЭС- Евразиялык Транссибирь темир жол магистралы” ЖЧКнын директору Абдырахман Юсубалиев менен аталган темир жолдун курулушу жөнүндө маектештик.

– Абдырахман Капарович, темир жолун куруу идеясы кандайча пайда болду?

– 1995-жылы Ош облусунун Өзгөн районунан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигимди коюп, Кыргызстанга темир жол куруу керек деген ой менен чыккам. Чындыгында, темир жол – экономикабыздын негизи. Ансыз өнүгүүгө мүмкүн эмес. Ошондон бери эл алдында берген убаданы аткаруу үчүн бардык күчүмдү жумшап келе жатам. Бирок депутаттыкка өтпөй калгам. Арданган жокмун. Депутат болбосом деле Кыргыз элиме кызмат кыла берем. Албетте, адам болгондон кийин алдыга чоң-чоң максаттарды коюп, аны ишке ашырууга аракеттенесиң.

– Быйылкы жылы долбооруңузга патент алыпсыз, ага толук авторсузбу?

– Ооба, темир жолдун картасын чийдим. Ийгиликке жетүү көп машакаттарды талап кылды. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Россиядагы тийиштүү уюмдар менен тыгыз байланышта иштедим. Россиянын Президенти В.Путинге бир нече жолу кат жаздым. Акыры алар карап чыгып, долбоорду жактырышты, биргелешкен ишкана түзүп иштөөнү сунушташты, бирок ага чейин эле Россиянын “Транс Сервис Евро Азия Демидов” ЖЧКсын жетектеп иштеп келгем. Трансконтиненталдык Темир жолу, Алтайдан баштап Кытайга, андан кийин Индия аркылуу Пакистанга өтүшү керек. Мына өзүңөр күбө болдуңар, Россиянын Президенти В.Путиндин Индияга болгон иш сапарында ушул темир жол куруу маселелери кеңири талкууланды. Бул оюма шайкеш келди.

– Биздин өлкө башчыбыз да кийинки мезгилдерде Араб өлкөлөрү менен бир нече келишимдерге кол коюп, жемиштүү кайтты. Ушул маселелердин таасири барбы?

-Албетте бар. Мына мурдагы президент А.Акаев

араб өлкөлөрү менен байланышты үзүп койгон эле. Алмазбек Атамбаев алакаларды кайра жандандырды, Россия федерациясы менен сүйлөшүп, ГЭСтерди курууну колго алды. Өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган альтернативдүү жолдун курулушу башталды. Газпром ААК менен газ маселелерин чечүүдө, Кытай-Кыргыз темир жолун курууга өтө кызыкдар болууда. Кыргызстанга чоң-чоң инвестицияларды тартууга көп аракет жумшоодо. Ушул багыттан алганда курула турган темир жол Кыргызстанга өтө зор пайдасын тийгизет.

-Абдырахман Капарович, негизинен бизге кандай темир жол керек?

– Коңшулаш Казакстан, Россияга кошулган темир жол керек. Өлкө башчыбыз Кара-Балтага нефтини кайра иштетүүчү завод курдурду. Ушул ишканага нефтини тартып келүүгө темир жол чоң роль ойнойт.

-Мурда Европа, Азия деп бөлүнчү, азыр эми Евразия деп аталып жатат, анын максаты эмнеде?

-Дүйнөдөгү эң чоң континент бул Азия континенти. Уралдан баштап Японияга чейин Кытай, Индия, Пакистан сыяктуу мамлекеттерде дүйнөлүк калктын 60% ы жашайт. Бардык маданият Азиядан башталган, Улуу Жибек жолу кайрадан өз калыбына келип жатат. Менин оюмча БУУну да Азия мамлекеттеринин бири болгон Алматы шаарына же Россиянын Владивосток, болбосо Новосибирск шаарларынын бирине көчүрүүнү сунуштаар элем.

маектеш

Маектеш жөнүндө кыскача маалымат:

Юсубалиев Абдырахман Капарович Өзгөн районунда туулган. 1971-1973-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1973-1975-жылдары Фрунзедеги айыл чарба машина куруу заводунда слесарь болуп иштеген. 1982-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин, кийинчерээк ошол эле окуу жайдын юридикалык факультетин бүтүргөн. 1985-жылы Түркмөнстанда элчиликте 2-катчы болгон. 1987-1989-жылдары Армениядагы курулуш трестинин башчысынын орун басары болуп иштеп, жер титирөөдөн кыйраган шаарды калыбына келтирүүгө активдүү катышкан. 1989-1991-жылдары Чүй агропром курулуш трестинин башчысынын орун басары, 1992-жылдан бери Россиянын Свердлов облусунда биргелешкен жоопкерчилиги чектелген коомду жетектеп келет.

Маектешкен Орункул САТЫКУЛОВ