Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда 5-ноябрь күнү “Кыргыз Туусу” гезитинин 90 жылдыгына арналган салтанат Кыргыз Республикасынын маданият, искусство чеберлеринин жана эстрада жылдыздарынын чоң программадагы концерти менен коштолду.

“Кыргыз Туусу” гезитинин 90 жылдык мааракесине карата жалпыга маалымдоо каражаттары менен жеке авторлор арасында мыкты материалдардын макала, маек, репортаж, көркөм публицистика ж.б. жанрлар боюнча сынагын жарыялаган эле. Биринчи орунду биздин “Эркин Тоо” гезити жеңип алганын сыймыктануу менен айтып кетсек болот.

Мааракеде КРнын Президентинин Аппаратынын өкүлү А. Үсөнов, маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов, Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов ж.б. көптөгөн адамдар куттуктоо сөздөрүн айтышты. Аягында “КыргызТуусу” гезитинин 90 жылдыгынаарналгангимн-ырэлгетартууланды