Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Тогуз-Торо районунун акимине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 22-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган райондун акими Т.И. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жаңгак токойлорун кыюу боюнча айыпталып жатат.

Белгилүү болгондой, ал Жалал-Абадда жаңгак токойлорун кыюуга тыюу салынганына карабастан, Үч-Чат аймагындагы дарактарды кыйып, курулуш баштоого мыйзамсыз уруксат берген. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 109 339 сомдук зыян келтирилген. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Булак: super.kg