каптагаев

Өкмөттүн Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев кыргыз элинин маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, облустун аймагында коомдук, маданий иш-чараларга даярдануудагы жана өткөрүүдөгү жогорку патриоттук жоопкерчиликтүү мамилесин жана алгылыктуу иштерин көрсөткөндүгү үчүн Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Рыспаев Бакыт Келгенбаевичти Ардак грамота менен сыйлады.

“Жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска” – демекчи, бул сыйлык жалпы Тоң элинин, анын ичинде айыл өкмөт, мекеме, ишканалардагы жалпы кызматкерлердин сыйлыгы деп билем. Себеби, чын эле өткөн жылы Кочмондор оюнун, Саякбай, Кааба аталарыбыздын мааракелерин уюштурууда Тоңдуктар тик туруп кызмат кылганы анык. Ошого баа берип, сый көрсөткөн облус жетекчилигине ыраазычылык – дейт Б.Рыспаев.

Даярдаган Айнура Шайкеева