сарпашевтайыр1

28-январда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Ноокат районунда жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан жерлерди трансформациялоо үчүн Өкмөттүн кароосуна келип түшкөн документтерди текшерүү боюнча ведомство аралык комиссиянын иш жыйынтыгы тууралуу  кеңешме өткөрдү. Ведомство аралык комиссия  Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин тапшырмасы боюнча 2014-жылдын 30-декабрында түзүлгөн.

Ведомство аралык комиссия жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр-жай комплекси жана экология бөлүмүнүн жетекчиси Жоомартбек Жумабеков маалымдагандай, 2015-жылдын 11-15-январында ведомство аралык комиссиянын мүчөлөрү аймактарга чыгып, жер-жерлерде жерлерди трансформациялоо боюнча материалдарды текшерген. Андан соң Ж.Жумабеков Т.Сарпашевди комиссиянын корутундусу менен тааныштырып, Кадамжай районундагы Бирлик, Халмион, Алга жана Масалиев айыл аймактарындагы текшерүүнүн жүрүшүндө жерлерди трансформациялоо боюнча мыйзам талаптары одоно түрдө бузулгандыгы аныкталып, жерлерди которуу үчүн документтер мыйзам бузуулар менен даярдалгандыгын билдирди. Тактап айтканда, негизсиз себептер боюнча айыл чарба багытындагы жогорку түшүм берүүчү 136 гектар жерди трансформациялоо сунушталган. Ведомство аралык комиссия бул жерлер трансформацияланбай тургандыгы тууралуу корутунду чыгарган. Бул сугат жерлерден дыйкандар жылына эки ирет түшүм алат

Т.Сарпашев белгилегендей, жерлерди трансформациялоого документтер кызматтык адамдардын көмөктөшүүсүз даярдалышы мүмкүн эмес. «Буга байланыштуу материалдарды укук коргоо органдарына жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Антикоррупциялык кызматына тийиштүү текшерүүдөн өткөрүү үчүн өткөрүү зарыл. Келечекте жерлерди трансформациялоо үчүн түшкөн бардык документтер жеринде ведомство аралык комиссия тарабынан тыкыр иликтенет. Учурда жер тилкелерин тандоо критерийлери, анын катарында чектеш аймактардагы жерлерди бир категориядан экинчи категорияга өткөрүү үчүн талаптар иштелип чыгууда», – деди Т.Сарпашев.

Ведомство аралык комиссия Баткен облусундагы Лейлек районунун, Ош облусундагы Ноокат районунун жана Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан жерлерди трансформациялоого тийиштүү кандайдыр-бир укук бузууларды аныктаган эмес жана  Өкмөткө тийиштүү чечим кабыл алуу сунушун киргизди.

Таалайбек ТЕМИРОВ