Таш-дө

– Шермамат мырза, сиз канча жылдан бери ушул жерде иштейсиз? Кандай оорулууларды, кандай тагдырларды көрдүңүз?

– Урологиянын ординатурасын бүтүп келгенден кийин ушул жерге врач-уролог болуп иштеп калдым. Анда бул жер курортология эмес, республикалык калыбына келтирүү ооруканасы болчу. Ошондо бөйрөк, табарсык менен ооругандар абдан көп экен, муну өзүнчө бөлүм кылып ачсак деген оюмду башкы дарыгерге айттым. Кеңешип отуруп үч киши 1990-жылы урология бөлүмүн ачтык. Мындай бөлүм Кыргызстанда биринчи жолу ачылды. 2000-жылга чейин 10 жыл бөлүм башчы болуп туруп, алган тажрыйбамдын, илимий материалдардын негизинде Москвадан кандидаттык диссертациямды жактадым. 2001-жылы Чоро Токтомушев “Кыргызстанда биринчи жолу бюджеттен сырткаркы бөлүм ачабыз, мындай саамалык саламаттыкты сактоо тармагында жок, ошого бөлүм башчы болуп бер”, – деп калды. Алгач каршы болуп, акыры көндүм. Ал жер жалаң акы төлөп жата турган бөлүм болгондуктан, врач да, уюштуруучу да, бухгалтер да болуп жүрүп, көп кыйынчылыктарды басып өттүк. Мага эки кабатты берип койду, палатанын баарын эки, төрт кишилик кылып бөлүп, темир керебеттерди жыгачка алмаштырып, матрацтарды алып, тамак-ашын өзүбүз жасап берип, оорулуунун ден соолугун чыңдоо үчүн бардык шарттарды түздүк. Кыргызстандын үч жеринде – Кочкор-Атада, Ак-Сууда жана бизде калыбына келтирүү, оорулууларды санаториялык этап менен дарылоо боюнча буйрук чыгып, санаториялык бөлүмдөр иштеп жатат. Жылына биз 13 млн. сомго чейин акча топтоп, анын 15%ын гана айлыкка алып калып, калганын бюджетке төгүп беребиз. Өзүбүздү өзүбүз баккандан сырткары, бюджетке да акча түшөт.

Бөлүмдүн иштегенине 15 жылга жакындап калды, ушул мезгилдин ичинде бир да оорулуу нааразы болуп же айыкпай кеткенин көрө элекмин. Баса албай келген же балдакчан оорулуулар таягын таштап, айыгып кетишет. Кызматкерлериме жыйналыш болгон сайын “ар бир оорулууну бир тууганыбыздай карайлы, алар бизге ишеним артып келип жатышат” деп айтам. Ар бир врач, медайым ишин жакшы билет, аларга ыраазымын. Биз операция кылгандан башка оорулардын баарын – жүрөк, өпкө, кан басым, нерв, муун, аялдар ооруларын дарылайбыз. Ата-энеси акчасын төлөп беришсе, балдарды, майыптарды да дарылайбыз.

– Башка курорт-санато­рия­лардан айырмасы кандай?

– Биз башка курортология-санатория­лардан кескин айырмаланабыз. Анткени, бизге келген ар бир оорулуунун алгач анализи чыгарылат, ага диагнозун койгондон кийин дарылоо башталат. Бизде кандай гана оору болбосун, өз дарыгери иштейт. Ооруну текшерип, кайсы дарылоо ыкмасы жакса гана ошону беребиз. Азыр көпчүлүк аялдарда миома, эркектерде аденома көп, эгер аларды текшербей туруп, баткак же парафин жазып берсек, шишиктерди ого бетер чоңойтуп жиберет. Андыктан, бүт ооруларын текшеребиз

– Мыкты врачтарды кантип топтой алдыңыз?

– Биздин курортологияда физиотерапия боюнча кафедра бар. Ар бир адис ушуну окуп бүткөндөн кийин гана дарылоого уруксат алат. Институтта 3-4 илимдин доктору, илимдин 10дон ашык кандидаты бар. Санатория бөлүмүндө жогорку категориядагы врачтар, жалпысынан 17 кызматкер иштейт. Бөлүмгө жылына 1000-1200 оорулуу келип-кетет.

– Сиз 27 жылдан бери ушул жерде иштейт экенсиз, баштан кызыктуу окуялар да өтсө керек…

– Социалдык жактан коргоо департаменти менен иштешип, келишим боюнча алар бизге согуштун ардагерлерин, майыптарын жиберчү. Акчасын министрлик төлөчү. Ошондо орус улутундагы аксакалдарды, кемпирлерди өзүм баш болуп ваннага киринтип, багып, дарылачубуз. Алар 20 күн бүткөндөн кийин да кетпей, дагы 20 күн бакканбыз. Акыры үй дарегин өзүбүз таап, үйлөрүнө жеткирип, кошуналарына тапшырып келген күндөр болгон. Иш тажрыйбамда башка бейтаптардан айырмаланган Кыргызстандын эң узун жигити Жеңишбек Райымбаев болду. Аны 8 киши көтөрүп келди. Ал кант диабети, бет шишиги, бөйрөгү, муундары ооруп келген. Биздин жардамыбыз менен Өкмөткө кайрылуу жасап жатып, шаардан бир бөлмөлүү үй алды. 2009-жылдан бери биздин көзөмөлүбүздө болуп, дайыма дарыланып турат. Мен бейтаптарды дарыгер катары эле дарылап койбостон, адам катары да колдон келген жардамымды аябайм.

Сымбат Максутова