33

Ошентип, быйылкы күзгү-кышкы жылытуу өнөктүгү Кыргызстан үчүн өтө оор жагдай-кырдаалда өтө турган болуп калды. Токтогул суу сактагычында суунун аз топтолушунан (азыркы күндө 11,8 млрд. куб. метр бар, а былтыр 17 млрд. куб. метрден ашык болчу) улам өлкөдө энергетикалык тартыштык башталып олтурат. Алдыдагы 4-5 жылда кургакчылык, суунун агымынын азайышы күтүлөөрү болжолдонуп жаткан соң неге былтыр-быйыл андагы сууну үнөмдөөгө умтулган жокпуз. Бир нече миллион кВт/саат электр энергиясын экспорттодук деп төш какканыбыз менен аны деле өтө эле арзан баада саттык да. Андан түшкөн пайда алдыдагы күзгү-кышкы жылытуу өнөктүгүндөгү оор кыйынчылыктардын алдында эч нерсеге арзыбай калып жатпайбы. Эми айла кеткенде, өзүбүз сууга бай болуп туруп, эң арзан электр энергиясын өндүрүп келебиз деп жүрүп, биринчи жолу коңшулардан электр энергиясын сатып алууга аргасыз болуудабыз.

Мына ушундай кырдаалдан чыгуунун, күзгү-кышкы жылытуу өнөктүгүн кыйынчылыксыз өткөрүүнүн жолун ушул жылдын 1-сентябрынан тартып 3 фазалуу абоненттерди үй жылытуудан ажыратуу жана алар үчүн 1-кВт/сааттын баасын 120,3 тыйынга чейин көтөрүү аркылуу тапкандай болушту. Бирок, ушул жерде социалдык адилеттүүлүк бузулуп жаткандай өңдөнөт. Анткени, көптөгөн абоненттерге “акылдуу” электр эсептегичтерди коюшту жана пайдалануучу лимитти 10 кВт.га чейин көтөрүштү. Демек, алардын бардыгы тең 1 фазалуу абоненттер болгондуктан үй жылытуудан эч ажыратылбайт жана баасы да көтөрүлбөйт. Чындап келгенде ушулар деле үйлөрүн электр менен жылытышат, көмүр жагышпайт. А үйдөгү электр менен иштеген турмуш-тиричилик каражаттарын булар деле, 3 фазалуулар деле дээрлик бирдей деңгээлде пайдаланып келишет. Бул багытта өлкөдө эч кандай сурамжылоолор, социалдык иликтөөлөр деле жүргүзүлгөн жок. Үч фазалуу абоненттер электр энергиясын көп пайдаланат дешет, а алар канча көп жакса, ошончо көп суммада төлөшөт да. Уурдап алып, бекер жаккандарга каршы күрөштө Энергетика министрлиги өтө алсыздыгын көрсөтүп олтурат. Ошол эле чоңдор, чиновниктер, депутаттар, бай бизнесмендер уурдап жагышаарын, тийиштүү акчаларын убагында төлөшпөй тургандыктарын аты-жөндөрү, даректери менен кошо жакшы билишет. Мына ушундай керектөөчүлөрдү электр пайдалануудан ажыратып айыппул салып, мыйзамдуу талаптарды коюунун ордуна 3 фазасы бар жөнөкөй керектөөчүлөрдү кошо жазалап олтурганы, бир эмес, эки жазаны бир тартуулап жатканы түшүнүксүз болуп жатат. Макул, 3 фазалууларды үйдү жылытууга пайдалануудан ажыраткан соң алар деле 1 фазалуулар сыяктуу эле керектөөчү болуп калат да. Анда неге буларга бааны көтөрүш керек эле?

Мурда электр энергиясына тарифтерди жогорулатуу маселеси Жогорку Кеңештин макулдугу менен чечилчү. Бирок, ЖКнын депутаттары да эл алдындагы жоопкерчиликтен качып, жайкы эс алууга кетээр алдында өз ыктыяры менен бул укукту Энергетика министрлигине, анын алдындагы отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча Мамлекеттик департаментке өткөрүп берип, мыйзамга өзгөртүү киргизип кетишкен. Мына ошонун жемишин эми минтип өз башыбыздан өткөрүп жатабыз. Ошондуктан, Президент Алмазбек Атамбаев 9-октябрда энергетика тармагындагы абал боюнча өз пикирин билдирүү менен “Энергетика жана өнөр жай министрлигиндеги кышка карата даярдык маселелерин терең иштеп чыкпагандыгы, чиновниктердин жоопкерчиликти мойнуна алуудан корккондугу терең ойлонулбаган чечимдерге алып келди” деп баса белгиледи. “Ошол эле учурда кыштан кыйналбай чыгуу үчүн жетишпей жаткан 2 млрд. 400 млн. кВт/саат электр энергиясын чиновниктердин өнөр жайдын жана калктын эсебинен – электрин өчүрүү аркылуу чечүү тууралуу кадамын терең жаңылыштык деп эсептейм!”-дегенин жалпы эл терең колдоо менен кабыл алгандыгын айта кетишибиз абзел. Өлкө башчысы жетпеген электр энергиясын кымбат болсо да сатып алуу керектигин талап кылды. Ошондуктан, кышкы мезгил үчүн Казакстандан 1 млрд. кВт/саат сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр дароо жүргүзүлө баштады. Тариф маселесине да кайрылып “Өкмөт тарифтик саясатты кайрадан карап чыгып, тиешелүү оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү. Анын үстүнө сот дагы азыркы тарифтик саясатты бекитүүдө мыйзам аркылуу каралган жол-жоболордун бузулушун аныктады”,-деп элдик талапты колдой тургандыгын ачык айтты. Президенттин билдирүүсүнөн соң энергетика министри отставкага кетүүгө аргасыз болду. Ошентип, бул тармактагы абал оң жагына өзгөрүлүп, 3 фазалууларды кесип-өчүрүүлөр кескин түрдө токтотулду. Эми тариф маселесине кайрылып, аны тезирээк чечүү багытында иш-аракеттер жасалышы зарыл. Себеби, буга чейин жогорулатылган тарифтик баада эсептөөлөр жана төлөөлөр жүзөгө ашырыла баштагандыгы эч кимге деле жашыруун эмес. Андыктан, Президенттин сөзүн жерге калтырбай, соттун чечимин аткаруу менен жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгы жогору туурарын иш жүзүндө далилдей алаарыбыз анык.

Ошентип, муз ордунан козголгондой болду. Электр керектөөчүлөрдү 3 фазалуу жана 1 фазалуу деп бөлүү токтотулду, бир гана “калк” деген бирдиктүү топ калтырылды. А тариф жаатында болсо эгерде абонент айына 700 кВт/саатка чейин электр энергиясын пайдаланса 70 тыйындан, а андан көп жакса кымбатыраак төлөөрү каралууда. Бул маселе да жакын арада биротоло чечилээри күтүлүүдө.

 Таалайбек Темиров