стамбул- стамбул1- стамбул2- стамбул3- стамбул5- стамбул6- стамбул7-

Кыргызстандын Түркия Республикасындагы туризм жылы,  “Манас” панорамалык музейи жана Стамбул шаарындагы Бурана мунарасы 2013-жылы Кыргызстан менен Түркия Өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуунун алкагында 2015-жыл Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Туризм жылы деп жарыяланган. Аталган макулдашууну ишке ашыруу максатында КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин жетекчиси Максат Чакиев 11-14-февраль күндөрү Түркия мамлекетинде болуп кайтты. Иш сапарда апрель айында Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында “Кырчын” жайлоосунда уюштурулган “Кыргыз айылынын” мини долбоору тартуулана турган маданий фестивалдын уюштурулушу, өткөрүлүшү тууралуу бир катар жолугушуулар, сүйлөшүүлөр жүрдү. Долбоорго ылайык Стамбул шаарынын борборунда 15-25 боз үй тигилип, фольклордук концерттер, улуттук оюндар, “Дасторкон” көргөзмөлөрү уюштурулат. Иш сапардын жүрүшүндө М.Чакиев башында турган кыргыз делегациясы Түрк мамлекеттеринин шаар башчыларынын Ассоциациясы менен жолугуп, КР ТР Туризм жылынын алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралар туурасында сүлөшүүлөрдү жүргүздү. Стамбул шаарынын мэриясынын маданий башкармалыгынын өкүлү Salih Dogan тарабынан сунушталган Стамбулдун борборундагы музейдин аймагында курула турган Бурана мунарасынын мини макети жана Бишкек шаарында курула турган “Манас” панорамалык музей долбоорунун бет ачары болду. Аталган ири долбоорлор маданий мурастарды сактоодо, жайылтууда, жаш муунду тарбиялоодо чоң мааниге ээ болору, эң негизгиси – мамлекеттин башкы туристтик жайы болуп каларында шек жок. Долбоор менен кеңири тааныштыруу үчүн авторлор Кыргызстанга чакыруу алышты. Мындан тышкары, Стамбул шаарынын жана Бартын провинциясынын Соода-өндүрүш палаталарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар болду. Анда 2015-жылы Бишкек шаарында “Кыргызстан-Түркия” бизнес-формуну өткөрүү пландаштырылды. Кыргызстандын облустары менен маданий байланыштарды чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн Бартын провинциясынын маданият жана туризм башкармалыгынын өкүлдөрү Бишкекке чакырылды.