майчиев

Кыргызстанда Сотторду тандоо кеңеши 2011-жылы түзүлгөн. Бул кеңеш сынак аркылуу жергиликтүү жана Жогорку Соттун судьяларын иргеп, талапкерлерди президент менен парламентке сунуштайт. Башмыйзамдын 74-беренесине жана “КР Судьяларды тандоо кеңеши жөнүндө” мыйзамдын 5-беренесине ылайык, Судьяларды тандоо кеңешинин курамынын 24 мүчөсү болууга тийиш. Эске салсак, жалпы курамдын үчтөн бири парламенттик көпчүлүк коалициясы, үчтөн бири парламенттик оппозиция, үчтөн бири Судьялар кеңеши тарабынан көрсөтүлөт. Алар 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Өткөн жылдын соңку айларында парламент сотторду тандоо кеңешинин жаңы 24 мүчөсүн шайлаган. Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Майчиев Шамарал Юсупович “Эркин Тоого” маек куруп берди.

– Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамы жакында бекиди. Талапкерлер кантип тандалат? Судья деген ким, ал кандай болуш керек?

– Сотторду тандоо кеңеши 2011-жылы түзүлгөн. Учурда 138 сот шайланган. Бирок, дагы 300дөн ашык судьяны тандоо керек. Биздин негизги милдетибиз татыктуу талапкерлерди тандап, президентке көрсөтүү. Судья кесипкөй, адилеттүү болушу керек. Демек, ал жогорку деңгээлдеги акыйкат жаран. Бул сапаттарды сотторду тандоо кеңешинин ар бир мүчөсү өз деңгээлинде баалашы мүмкүн. Ошол себептен, тандап алуу үчүн атайын ыкма даярдаганбыз. Бул ыкмада мыйзам ченемине ылайык 3 тур каралган. Биринчи турдун жүрүшүндө, ар бир талапкер өз кесипкөйлүгүн далилдөө үчүн укуктук жактан билими, 17 тармак боюнча 20 суроого жооп берген жоопторуна жараша бааланат. Ар бир туура жооп үчүн 1 балл, жарым-жартылай туура жоопко 0,5 балл коюлат. Экинчи турда талапкер мыйзамга негизделген дилбаян жазып, аны оозеки айтып берүүсү каралган. Ал эми акыркы турда чечим талапкердин кесипкөй катары негизги сапаттарын аныктоо үчүн аңгемелешүүнүн негизинде кабыл алынат. Ошол эле кезде талапкерлердин бардыгы эле бул тандоодон өтө алышпайт.

– Тандоо турунда “добуштар параланат” деген пикир коомчулукта арбын айтылып келет, буга не дейсиз?

– Соттор кеңешинин мүчөлөрүн жана алардын өз пикирлерин акча менен сатып алуу жолу тууралуу ар түрдүү пикирлер бар. Бирок, 24 мүчөнүн 8и– соттон, ал эми 16сы парламенттик коалициядан. Бул жерде эч биринин пикири акчага бааланбайт. Добуштар параланары боюнча кеп чындыкка коошпойт. Беш партиянын өкүлдөрүнүн келиши бул коррупцияга каршы мыйзам талабындагы алгачкы кадам деп ойлойм.

– Сот болуш үчүн канча добуш алышы зарыл?

– Сот болом деген адам 3 тур боюнча атайын суроолорго берген жоопторуна ылайык тиешелүү балл топтошу керек. Жыйынтыгында баары белгилүү болот.

– Жаңы мүчөлөр келишти, булардын сапаттык деңгээли кандай?

-Мурдагы жана азыркы кеңештин мүчөлөрүнүн сапаттык деңгээлдерин бирдей деп эсептөөгө болот.

– Судьялар натыйжалуу жана ыкчам иштеш үчүн кандай чараларды көрүү зарыл деп эсептейсиз?

– Судьялардын ишинин негиздүүлүгү анын эффективдүүлүгү аркылуу аныкталат. Анткени, соттогу иштердин толук жана мыйзамдуу каралышы райондук деңгээлде гана камсыздалат, демек ушул деңгээлдеги соттордун аброюн көтөрүү абзел.

– Учурда Кыргызстанда укуктук жагдай кандай нукта деп ойлойсуз?

– Негизи эле мыйзам талаптары бат-бат алмашуу менен мыйзамдын саны өсүүдө. Азыр 4 миңден ашык мыйзам, 60 миңден ашык өзгөртүлүп-толукталган эрежелер бар. Мындай жагдайда эң негизгиси – мыйзамдын күчү жана туруктуулугу башкы орунда.

Маек курган Мээрим БАКТЫБЕКОВА