жихадчы1

Акыркы  убактарда  массалык  маалымат  каражаттарында, интернетте ж.б. электрондук  жабдууларда жазылып, айтылып  келаткан  Сириядагы ( Ирак, Сирия  Ислам республикасындагы)  окуялар, ачыгын  айтканда,  ыйык “Исламды” бетине  калкалап,   “Жихадка” жамынып  алып,  кан төгүүгө, өлүмгө бара  жатышкан мекендештерибиздин  болгондо  да, Кыргызстандын   түштүк  аймагынан  жарандарыбыздын  көбүрөөк  тартылып   жатышы коомчулукту тынчсыздандырбай  койбойт. Үч-төрт  жылдын  аралыгында (Сириядагы  согуш 2011-жылы  башталса) өзбек   улутундагы   жарандарыбыз  концентрация  болгон  Араван,  Өзгөн  районунда  жана  Ош шаарындагы  Россиянын  ж.б.  дүйнөлүк  телеканалдар  аркылуу көрсөтүлгөн  бирин -экин  факты- видео  тасмаларга  кош  көңүл  мамилебизден уламбы,  бул  маселенин өөрчүп,  айдан-айга  Сириядагы  согушка  азгырылгандардын  саны  көбөйүп,   башка  региондорго  да  кулачын  жайганына  маани  бербей  коюуга  болбойт. Өткөн  2014-жылдын  сентябрында  бир  диндеги  мусулмандар    каршылашкан   кан  күйгөн жерге  кетүү курч мүнөзгө өткөнү  Ош  шаардык  жана Ош облустук  оперативдүү  иштер  боюнча  ыкчам  иликтөө тобунун  билдирүүсүнөн   Ош облусунан  – 87, Ош шаарынан – 36 адамдын  кеткени  аныкталган.  Негизинен  “Жихадка”  баргандар:  Кара-Суу районунан – 51адам, эркектер-40, аялдар-11, жаш өспүрүмдөр-4, ал жакта  каза болгону-3; Аравандан-21 адам, эркектер -14, аялдар-7, жаш өспүрүмдөр-5, каза  болгону-3;   Өзгөндөн – 9, бардыгы  эркек, каза  болгону- 2; Ноокаттан- 6, бардыгы  эркектер.  Жаш  өспүрүмдөрдүн  дээрлик  бардыгы  ата-энеси  менен  кошо кеткен  балдар.

Оштон  Шухрат  аттуу  кыргызстандык,  өзбек  улутундагы жаран  Россияга  миграцияга кетип, ал  жерде  иштеп  жүргөндө Интернеттеги  “Ислам  мамлекетин  коргоо  жөнүндөгү “ чакырыктар, мусулмандарды жырткычтык  менен  өлтүрүп , аеосуз, кырган   тасмалардын “идеологиялык  тузактын”    чынжырынан  чыга  албай,  согушка   барса   акысына  бериле  турган”  жашыл  кагаздарга”  кызыгып, тымызын  көз  боемочулук  кылып  “капкан”  койгондор  менен  Интернет  аркылуу  байланышып,  убадалашкан    жерге  Түркия  аркылуу   барат. Ашпозчулук  кылып  жүргөндө  кармалып,  камакка  түшөт.  Сириянын  мыйзамы  боюнча согушта  туткунга   түшкөндөр   суроо-сопкутсуз   өлүм  жазасына  тартылаарын  билбейт. Мына  ушундай  жол  менен  Россияга  иштегени, үй-бүлөсүн  бакканы  барып, Ислам  динин  чала-була  билген, сабатсыз, толук   маалыматы  жок,  бир жактуу  түшүнүп, боордоштук  азгырыкка   баш-оту  менен  берилип  алгандар, Сирияга  азгырылып  баргандардын 40 пайызын  түзөт.

“Интернет-имам”, “ Ютуб”  сайттары   аркылуу  Сириядагы  согушка тартылгандардын 30 пайызы   бар. Булар дин жөнүндө  чала-чарпыт түшүнүгү  бар  жарандар “Пайгамбарыбыз  да  жихадка  түшкөн, мусулмандар  кыйналып  жатса, коргошубуз  керек, биз  да  согушабыз“  деп ,  интернеттен  тигилер  менен байланышып, согушка  бара  турганын  жашырып,  Түркияга,  Россияга, Украинага, Грузияга же  башка  чет  өлкөгө  иштегени  бараарын  шылтоолоп,  жашырынып  кеткендер.  Азыркы  убакта  Сириядан   кайтып  келген эки жаран  камакта  отурат. Булардын  келгендеги  максаты  адамдарды согушка алып  кетүү  болгон. Сириядан  буларды оңойлук  менен  кое   бербеши  бештен  белгилүү, ант( касам)   ичкенден  кийин  амирдин (башчысы) айтканын  эки  кылууга  акысы жок. Ал  жактан  келип,  мындагыларды (турмуш  шарты оор, материалдык  жактан  кыйналган, психикасы  чабал,  тез  ишенген, алданган  же динге  ашкере  берилген  фанаттарды  азгырып, керек  болсо сураган  каражатын  карматып ж.б. жолдор менен)  үгүттөп, “ячейка” түзүшөт да, колунда  бар,  бай адамдарды  тоноп, же  барымтага алып, ар  кандай  айла-амалдар  аркылуу уурдап-тоногон  каражаттын 70 пайызын   ал жакка  жөнөтүшөт, 30 пайызын өздөрүнө алып  калышат.

Согушту   көксөөгөндөрдүн   бирден  бир  максаты  акча  табуу  дешет булар  менен  иштеген ыкчам  тобунун  адистери.  “Исламга”  жамынып  алып,   жеке   көз  карашында  өлүмгө   барууга  да  кайыл   болуп, өлсө  бейишке  бараарына  бөркүндөй ишенгендер. ”Ютуф”  сайтында  Сирияга  чакырган  роликтердин  17- сериясын  тартып  жүргөн   аравандык   жаран  экендигин  аныкташкан. Ыкчам  иликтөө тобунун  кызматкерлери  эч ким, эч  кайсы жаран “ Сирияга  согушка  барам“ деп  ачык  айтпасын, моюнга  да  албасын , кандай  жол  болсо  да  жашырынып,  көбүнчө  башка  мамлекеттер аркылуу   барышаарын   аныкташкан . Ошол  аравандык  жаш жигит мопед (мотоцикль) минип алып, бомба таштаган  жердеги  өлгөн  жаш  балдарды,   аялдарды  бейкүнөө  набыт  болгон  адамдарды  клипке  тартып, согушка  үндөгөн  роликтерди сайтка  жайгаштырган. Анын  мурдагы  клиптеринде   бетине  чүмбөт  жамынып  алган жаш  жигиттер (өзбек  улутундагылар экенин   сүйлөгөнүнөн  билишкен)  кантип  согушка  даярданып  жатканын, 8-10 жаштагы  өспүрүмдөр мылтыкты  кантип  атканды үйрөнгөнүн,  ичиндеги  ок-дарыны салышты,  ачып-жыйнашты, ок  атканга  кандайча  машыгып  жатканын  жана  башка  ушул  сыяктуу  согуштун   ырайымсыз  эпизоддорун  чагылдырган, жанкечтилик   менен   согушка   үндөгөн  роликтер биринин  артынан бири жар салууда.

Наримандык   бир  карыган  кемпирдин баласы , келини эки  небересин  алып, Түркияга   иштеп  келебиз деген  шылтоо  менен Сирияга  өтүп  кетишкен. Бир  диндеги  мусулмандар эмне  себептен  согушуп  жатканы  жөнүндө түшүнүгү  жок, бир  жактуу  үндөө-азгыруудан  чыга  албай жүргөн, башын  тобокелге  байлап,  өзүбүздөн-Кыргызстандан  кеткен  жарандар 25 пайызга  жетет. Ал  эми  чет  өлкөлөрдө окуп, билим  алып, иштеп жатышкан  жаштардан  кеткени 5 пайызды  түзөт. Жакында  облустук  коопсуздук  кызматынан эки  жаш  келиндин согушка  барууга  даярданып , жөнөп  жаткан  жеринен  кармашкан. Алардын  баруудагы  максаты  мусулман  боордошторго  жардам  берүү деген  шылтоого жамынышкан. Аялдардын  ал  жакка  баргандагы  күнү  кандай болору,  кандай  тагдыр күтүп  турганы эч  кимге  жашыруун  эмес. Аскер  башчыларына-амирге  нике  кыйып, ал өлүп  калса,  башкасына  башын  байлап  берип, же  сексуалдык  кулчулукка  кеткендер  толтура.

Коомчулуктун  көйгөйлүү,  акыбетинде  опурталдуу маселе  болгон Сирия  согушуна  азгырууга  каршы  күрөшүү жалпыбыздын милдетибиз. Участкалык  милициядан  тартып,  үй-бүлө, мектеп,  айыл аймагы, райондук акимчилик , мекеме-уюмдар, окуу  жайлары  кала  берсе,  ар  бир   жаран  бул  маселеге  аң-сезимдүүлүк  менен  мамиле кылып, түз  жолунан адашкан,  бирөөлөрдөн  тилине  кирип алданган, түшүнбөгөн жарандарга “Жихадка” эмес, “Өлүмгө, кан  төгүүгө  баратканын”   түшүндүрүп,   жардам  берүүгө милдеттүү  дейт,  Кыргыз  Республикасынын  дин иштери  боюнча  мамлекеттик  комиссиясынын  Түштүк аймактык бөлүмүнүн  башчысы  Курбаналы  Узаков.

Ризван   Исмаилова, Ош шаары