Шериктештик кубогу-2015
Шериктештик кубогунда алгач КМШ өлкөлөрүнүн чемпиондору ойноп келишкен. Соңку 4 жылдан бери 21 жашка чейин жаштар курамалары күч сынашып келет. Санкт-Петербург шаарында 23-ирет өтүп жаткан турнирде Кыргызстан В тобунда Россия, Молдова жана Латвия менен ойноду.
16-январда Кыргызстан-Молдова 1:1, 18-январда Латвия менен болгон оюнда деле 1:1 эсебинде тең чыгуу катталды. Кечээ 19-январдагы чечүүчү оюнда биздин жаштар командабыз Россия курамасын 2:1 эсебинде жеңип алып, баарын таң калтырды. Өз тобунда бардык көрсөткүчтөрү боюнча мыкты болду. ( Таблицаны караңыз) Турнирдин тарыхында Кыргызстан биринчи жолу чейрек финалга чыкты. Эми бүгүнкү оюндардан соң чейрек финалда ким менен ойноорубуз белгилүү болот.
№ | Командалар | оюн | жеңиш | тең чыгуу | жеңилүү | гол | +/- | упай |
1 | Кыргызстан | 3 | 1 | 2 | 0 | 4-3 | +1 | 5 |
2 | Россия | 3 | 1 | 1 | 1 | 4-4 | 0 | 4 |
3 | Молдова | 3 | 0 | 3 | 0 | 4-4 | 0 | 3 |
4 | Латвия | 3 | 0 | 2 | 1 | 2-3 | -1 | 2 |
Асан ЖУНУСОВ
Leave a Reply