футболсүр

Футболдон Шериктештик кубогу Санкт-Петербург шаарында жыйынтыкталды. 23-ирет өткөн турнирде Кыргызстандын жаштар курама командасы (21 жашка чейинкилер) биринчи жолу өз тобунан чейрек финалга чыга алды. Мында, Финляндия тандалмасына утулуп, (0:1) 5-8-орундар үчүн ойноого туура келди. Алгач Тажикстанды ишенимдүү жеңип, (3:1) Россияга 1:3 эсебинде утулуп калдык. Топтук оюндарда Россияны 2:1 менен утканыбыз футбол күйөрмандарына маалым. 12 команданын ичинен жыйынтыгында 6 -орунду ээледик.

Быйылкы оюндарга Армения, Азербайжан, Грузия, Украина, Өзбекстан өлкөлөрү катышпагандыктан, турнирдин уюштуруучулары Түштүк Африка Республикасы менен Финляндиянын командаларын чакырган. Тагдырдын тамашасын караңыз, дал ушул эки команда финалда ойноп, Түштүк Африка Республикасы финндерди 2:1 эсебинде утуп, жеңүүчү болуп калды. Беларусь 3-орун үчүн Түркмөнстанды 4:0 эсебинде талкалады. Талаа ээлери – россиялыктар 5-орунда калышты. 7-орун үчүн болгон оюнда Казакстан Тажикстанды жеңип алды. Эсеп 2:0.

Асан ЖУНУСОВ