батыралиев

Сауд   өнүктүрүү фондусу  Бишкекте балдар ооруканасынын жаңы хирургиялык корпусун курууну пландаштырууда.  Саламаттыкты сактоо министрлигинин   пресс-борборунун маалыматы боюнча  министр   Талантбек Батыралиев  кечээ Сауд өнүктүрүү фондусунун делегациясы менен  жолугушууда  бул долбоордун  техникалык маселелерин  талкуулады.  Фонддун өкүлүнүн  айтуусу боюнча  5 кабаттуу хирургиялык корпус  400 орунга эсептелет. Курулуштун болжолдуу наркы 15 млн. доллар, 500 аталыштагы медициналык жабдууларга 10 млн. доллар жана инвентарлар үчүн дагы 5 млн. доллар  болуп, жалпы суммасы 30 млн. долларга  турмакчы.

Мындан тышкары бул  долбоордун алкагында  медициналык  адистерди үзгүлтүксүз окутуу үчүн  шарттарды түзүү дагы  пландаштырылууда. Жаңы хирургиялык корпусту курууну ишке ашыруу  мөөнөтү азырынча тактала  элек.

Бегим ТУРДАЛИЕВА