1111

Апта мурда Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев “Нур Отан” партиясынын саясий кеңешинин жыйынында казак калкына кайрылуу жасап, “Мен жакынкы жылдарда дүйнөдө чоң окуялар болоорун сезип жатамын. Мындай сыноолорду бардык эле мамлекеттер көтөрө албайт” деп айтты. Албетте, Назарбаев үлкөн саясатчы. Көп нерсеге көзү жетет. 2007-жылы башталган дүйнөлүк кризистин узакка созулуп баратканы азыр бардык эле өлкөлөрдүн жетекчилерин ойго салып жатканы шексиз. “Орусия менен Батыштын ортосундагы санкциялык согуш, Жакынкы Чыгыштагы кан төгүүлөр менен коштолуп жаткан кооптуу кырдаал соңку жылдары өнүгүү жолунда бараткан Казакстанга да залакасын тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан, алдыдагы жылдар жеңил болбостугун эстен чыгарбай, мындай абалдан запкы тартпай туруктуулугубузду сактап калуунун амалын азыртадан ойлонуу зарыл”,-деген Нурсултан Назарбаев Эл аралык валюталык фонду да дүйнөлүк экономиканын өнүгүшү алдыңкы эки жылда бир топ солгундаарын болжоп жаткандыгын кошумчалады. Демек, болжогон бир топ пландарды кайра карап, акыл калчап, “тезинен чечкиндүү чараларды көрүү зарыл” – дейт Н.Назарбаев. Ал эми Австралиянын Брисбенинде кечээ аяктаган G20 саммитинен кийин Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон да “Глобалдык экономиканын башкаруу панелинде эскертүүчү кызыл жарык күйө баштады” деп жазды Гардиан гезитиндеги макаласында.

Албетте, дүйнөлүк кризистик кырдаалды жөнгө салуу Орусияга эле эмес, Европага да кысым көрсөтүп жаткан АКШнын саясий элитасынын акыл-эстүү аракетине жараша болору шексиз.

Украинага байланыштуу киргизилип жаткан санкциялардын глобалдык залакасы сөзсүз болорун ушул жылдын жайында Эл аралык валюта фондунун расмий өкүлү Уильям Мэррейдин да эскерткени эсибизде. Бирок, ал бул санкциялар АКШнын өзүнө канчалык зыяндуу экенин Фондунун профессионал экономисттери да эсептей албайт деп кошумчалаган.

Ал эми Орусия Президенти Владимир Путин ушул жайда эле улам жаңы санкцияларды киргизүү менен АКШ өзүнүн энергетикалык компанияларын зыянга учуратат, “Бумеранг эффектисин” унутууга болбойт деп эскерткен. Өткөн аптада жергебизге келген Орусия Президентинин кеңешчиси Сергей Глазьев болсо “Батыштын санкциялары улантыла берсе, Евршериктештик 1 триллион еврого чейин чыгашага учурашы мүмкүн, андыктан Орусия менен Кыргызстан үчүн европалык эмес, евразиялык интеграция өзгөчө маанилүү” деп айтты.

Ырасында эле, көп учурда ар кандай кризистик кырдаалдар проблема жаратпастан, жаңы мүмкүнчүлүктөргө да жол ачат. Ушул тапта АКШнын бир уюлдуу үстөмдүк аракети көптөгөн өлкөлөрдүн көкөйлөрүнө көк таштай тийип турат. Азыр эл аралык авансценага БРИК жана ШКУ өлкөлөрү чыгып жатат. Дүйнө көп уюлдуу болушу керек.

Тобокелдүү кадамдарга барып жаткан Орусия качандыр бир убактагыдай эле азыр да дүйнөнүн геосаясий державасы экендигин эске салгысы келип турганы айтпасак да түшүнүктүү.

Бирок, ар бир өлкөнүн туруктуу өнүгүшү үчүн ири алды тынчтык зарыл.

Эми глобалдык кризистин Кыргызстанга залакасы канчалык тиет деген соболго да жооп кайтара кетели.

Жаңы жылдан тарта Бажы биримдигине, Евразиялык экономикалык шериктештикке кошулууну эңсеп турган өлкөбүз үчүн кааласак, каалабасак да экономикалык санкциялардын эпкини тиеринде шек жок. Бирок, биздин өнөктөштөр “өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк” болууга убада беришүүдө. Демек, Орусия, Казакстан жана Кытай өңдүү канатташ күч-кубаттуу мамлекеттер кол сунуп, өргө тартып жатканда кетенчиктегенибиз жарабайт. Анткени, Дейл Карнеги “Эгер тагдыр сага лимон берсе, андан лимонад жаса” деп айткан турбайбы.