– Рыскелди Чыныбекович, маегибизди сиз жөнүндө “Искра” гезитине чыккан макаладан баштасак. Ал макалада сиздин дарегиңизге айтылган сын-пикирлердин канчалык чындыгы бар?
– Автору жазылбаган ал макалада айтылгандардын баарысы караандай калп. Мен ал гезитке актануу(опровержение) иретинде өзүмдүн жообумду бергем. Тилекке каршы ал гезит азыр чыкпай жатат. Ал кездеги башкы редактору Адилет Айтикеев азыркы тапта Батыш жергесинде башпаанек сурап жүрөт. Бирок, кимдин тапшырыгы менен кимдин жазганын жакшы билем. Айтканда не, абийирине койдум. Көрүп үрөбү же көрбөй үрөбү, ит дегениң үрө берет эмеспи. Кой аксагы менен жүз болсо, адам акмагы менен жүз болот. Акмактар менен сүйлөшкөнгө алым да, акылым да жетмек. Бирок, алардын деңгээлине түшкүм келген жок.
– Сиз азыр жетектеп жаткан “Учкун” акционердик коомунун учурдагы абалы кандай, алардын айтымында аябай эле банкротко батып калган экенсиздер го?
– Дегеле, мындай суроого менин өзүмдүн жооп бергеним туура эмес. Менин ишмердигимди көзөмөлдөгөн, тактап айтканда менин үстүмдө отурган директорлор кеңеши бар. Алардын үстүндө мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду турат, алардын үстүндө Кыргыз Республикасынын өкмөтү турат. Дегеним, “Учкундун” учурдагы абалы тууралуу маалыматтарды ушулардан уксаңар туура болмок. Мына ушул менин үстүмдө турган үч органдын бирисинен гана шек жаралып, менин ишмердигиме кандайдыр бир калыс эмес пикирлер айтылса, ошол замат ордумду бошотуп бергенге даярмын. Бул биринчиден. Экинчиден, менде эмгектенген жамаат бар. Менин ишмердигимди алардан жакшы эч ким билбейт. Мына ошолордон сурасаңар болот, азыркы тапта кандай акыбалда экенибизди. Бир сөз менен айтып кете турган болсом, азыркы тапта тапшырык(заказ) дегендер толтура, үлгүрбөй жаткандыктан дем алыш күндөрү дагы иштеп жатабыз. Иш болгон жерде ийгилик бар экенин жанагы мени жаманатты кылгысы келген, эгемендиги жок эркек чалыштар гана билбей калбаса, көпчүлүк көрбөй туруп эле билет.
– “Чала журналист, чала милиционер, чала саясатчы баарын талкалап салды…. сатып салды…” дегендери калп экен да. Анда эмнеге ар-намысыңызды коргоп сотко берген жоксуз, апыртып айткандарды?”
– Биринчиден, мен алар айткандай чала журналист болсом, журналисттик ишмердигим үчүн “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наамды ала алмак эмесмин, аларчылап. Экинчиден, мен өзүм журналист катары эчен деген “эркектер” менен соттошуп, соттордун запкысын көргөн адаммын. Андыктан, намысымды издеп сотко бергиче, аларды өздөрүнүн абийир сотуна(эгер бар болсо) бергенди артык көрдүм.
– Швейцарияга барып келгениңизди уктук эле, сапардын максатын жана жыйынтыгын айтып бересизби?
– Ооба, өткөн айда өкмөттүк делегациянын курамында Швейцариянын атактуу “KBA NotaSys” компаниясынын чакыруусу боюнча беш күндүк иш сапар менен барып келгенбиз. Азыркы өкмөтүбүз ушул “Учкун” акционердик коомуна тиешелүү заманбап полиграфиялык станокторду сатып берип, жанагы тендер жолдору менен кетип жаткан паспорт, акциздик марка, атургай акча банкнотторун да бизден бастырганга аракет көрүшүп жатат. Ал жактагы жолугушуулардын баарысы жогорку деңгээлде өттү, өз көзүбүз менен алардын бизге сунуштаган бардык полиграфиялык станокторун иш жүзүндө көргөнгө мүмкүнчүлүк болду. Аягында биздин өкмөткө алар өздөрүнүн беш вариантын сунуш кылышты, азыр ошонун үстүндө өкмөттүк жумушчу топ иштеп жатат, арасында мен дагы бармын. Эгер ушул иш оңунан чечилип калса, биз дагы кошуна казактар сыяктуу өз өлкөбүздүн акча бирдиктерин өзүбүз басып калабыз.
– Эми маегибизди маданият тармагына буралы. Мурунку маданият министри катары айтсаңыз. Эмне үчүн акыркы дайындалган маданият министрлерине коомчулук тарабынан ар кандай сын-пикирлер арбын айтылып, атургай, өкмөт үйүнө өкүрүп баргандар болуп жатат?
– Албетте, маданиятты өлдү кылып өкүрүп чыкканыбыздын өзү туура эмес. Мына ошол өкүрүп чыккандардын бири азыркы жаңы министр Алтынбек Максүтов өзү болчу. Дегеле, кыргыз маданияты өлдү дегендин өзү акмакчылык, ары барса айбанчылык. Өнөрлүү элдин маданиятын өлтүрүү мүмкүн эмес, кыргыз тили канча өмүр сүрсө кыргыз улуту менен кыргыз мамлекети ошончо өмүр сүрөт, ал эми ушул улуттун маданиятынын уңгусу болгон Манас эпосу канча өмүр сүрсө, аны жараткан кыргыз маданияты дагы ошончо өмүр сүрөт. Өзүбүз өлбөс кылып ЮНЕСКОго каттатып алып, анан өлдү деп өкүргөнүбүздү ким кечирмек эле. Ал эми, маданият министрлерине айтылган сын-пикирлердин барысын популисттик кадамдар катары кабыл алам. Камила Абдразаковнага аябай асылышты, акыры алып тынышты. Алтынбекке деле асылышы мүмкүн, ал балким алып тынышы деле мүмкүн. “Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт” дегендей эле, министрлер алмашкандан маданият өзгөрүп кетпейт, ал жакка болгон мамилени өзгөртмөйүнчө! Мына, Султан Раев төрт жолу, Ибрагим Жунусов эки жолу башкарды. Эмне өзгөрдү? Эч нерсе. Азыркы Алтынбектин колунда алтын таяк жок, ал жакты алеки заматта өзгөртүп жибере тургандай. Айтайын дегеним, жанагы сынчы депутаттар менен көзү начар саясатчылар министрдин көйнөгүнө эмес, маданияттын көйгөйүнө көңүл бурушса болмок. Маданиятты көтөрүш үчүн эки эле нерсе керек экендигин ушулар билбесе, карапайым калк кайдан билет. Биринчи көңүл буруш керек, экинчи каражат буруш керек. Ушул эки маселе чечилгенде ал тармак министри жок деле өнүгө берет. Жок дегенде мыйзамда жазылган, аларга каралган каражатты таап берсек деле дурус болмок. Депутаттар ушул маселени көтөрүп чыкпайбы, кыйын экен!
– “Курманжан датка” тасмасы боюнча талаш пикирлерге эмне айтаар элеңиз?
– Албетте, Курманжан датка апабыз өзү тарыхый инсан болгондон кийин, ал жөнүндө тартылган тасманын тарыхый экени талашсыз. Ал эми, тартылган тасмага айтылган айрым сын-пикирлерди ичи тардык, көралбастык катары кабыл алам. Садык мырза жараткан тасманын артыкчылыгы, ошол кездеги окуялар менен азыркы кездеги кыргыз саясатын салыштыргандай кылып, элибизге жетпей жаткан биримдик менен ынтымакты жеткизе алгандыгында. Мындайча айтканда, тасманын тарыхый баасынан да идеологиялык мааниси аябай зор болгон десек болот. Кино жөнүндө түшүнүгү жок түркөйлөр айтып чыгышпадыбы, “аябай акча көп кетиптир,… жеп кетиптир” таризинде. Ошол “чилиштерге” айтат элем да, “эки мүнөттүк клип тарта албаган соң, эшектин туягын эле карабайсыңбы” деп. Тарыхый тасмага каражат абдан көп кетет. Анткени, ал кездеги окуяларды, образдарды жаратыш үчүн ошол кездеги кийимдер, буюмдар талап кылынат. Кошуна казактар “Кочевник” тасмасына канча каражат коротушту дагы, башкы ролго кимди чакырып ойнотушту? А биздин “Курманжан датка” тасмасына анын жартысынын жартысы дагы кеткен жок да! Менин билишимче азыр эле бул тасма өзүнө кеткен каражатты актап койду болуш керек. Ачылышынан бери эл дегениң дале агылып көрүп жатат го…
– Сапарыбызды саясат айдыңына буралы. “Республика” менен “Ата Журт” партияларынын биригишине кандай карайсыз?
– Эки партиянын бир партияга биригиши биринчиден алсыздыкты, экинчиден аргасыздыкты билдирет. Бирок, булардын кезектеги шайлоого бир жыл калганда биригип жатышын мыйзам ченемдүү, табигый көрүнүш катары көрсөк болот. Өткөн шайлоодон өтүп келген ушул эки партиянын төрт жылга жетпей төрткө бөлүнүп кеткендери, албетте, анын лидерлерине чоң сокку болду. Өмүрбек дагы, Камчыбек дагы карайлагандан ушундай кадамдарга барды да. Болбосо, ушул эки инсандын бир жакадан баш эмес, элдешерине эч ким ишенмек эмес. Экөөнүн эл астындагы дебатын эстен чыгарганга азырынча эртелик болсо керек.
– Айрым саясатчылар айтып чыгышты го, “булар жасалма оппозиция болот” дегендей кылып, буга эмне дээр элеңиз?
– Ооба, ошондой мааниде оттогондордун ойлорун окудум. “Ажобуз Алмазбек Шаршеновичке убада беришиптир, анан ал киши уруксат бериптир” деген иликтегичтердин имиштерине мен ишенбейм. Бул биринчиден. Экинчиден, алдыдагы парламенттик шайлоого аттанууга урусаттын кереги жок, болгону акча анан амбиция керек.
– Барышат, ошону үчүн биригишти. Мүмкүнчүлүктөрү кандай болот?
– Бара турган партиялардын барысына эле оор болот. Буларга эки эсе оор болот. Анткени, бири өкмөттөн, экинчиси парламенттен кулап, абройлорун аласалдырып жиберишкен. Экөө тең бир жылдан бери “саткындарынын” сазайын бериш үчүн ушул күндөрдү күтүп жаткан болсо керек го дейм. Бир чети туура эле кылышкан, мансабы жок же мандаты жок элге чыгып эмне кыласың, эмнени айтып, эмнени угасың.
– Кайсы партиялар өтөт деп ойлойсуз?
– Эски шайлоо мыйзамы менен барсак, үч гана партия илиниши мүмкүн. Алардын бири биздин КСДП партиясы болот деп, ишенимдүү айта алам. Жалгыз гана биздин партия калды го дейм, жарым жолдон жарылбаган.
– Исмаил Исаковчу?
– Исмаил Исаков ушул убакка дейре расмий билдирүү менен чыкпаса керек эле, “КСДП фракциясынан чыктым” деген. Ал кишинин “Азаттык” аттуу партиясы бар экенин билем, бирок биздин партия менен мандат алгандан кийин фракциянын мүчөсү бойдон эле жүрөт.
– Аналитиктердин айтымында эмдиги шайлоодо сиздердин партия менен кошо “Ата мекен” партиясынын келери айтылууда. Ошондой болот деп ойлойсузбу?
– Өнөктөш партиянын өкүлдөрү таарынып калышы мүмкүн, ага карабай ачыгын айта турган болсом, азыркыдай авторитет менен “Ата мекендин” парламентке келиши арсар. Өткөн шайлоодо акыркы орун менен араң илинген бул партия, андан бери аброюн арттыргандын ордуна тарттырды. Сөзүм кургак болбос үчүн бир-эки мисал келтирейин. Карганбек Самаков, Равшан Жеенбеков, Эркин Алымбеков жана Өмүрбек Абдрахманов сыяктуу партиянын лөктөрү өз алдынча кетти. Алар менен кошо миңдеген добуштар кетти да, туурабы. Атамекенчилерге биздеги тажиктердин добушун алып берген Равшан Сабировду эми артка эч ким кайрый албайт. Анан калса булардын аягына чыкпаган мародерлук маселеси бар. Аны атамекенчилердин оппоненттери алдыдагы шайлоодо аябай жакшы пайдаланышат. Жообумду жыйынтыктай турган болсом, атамекенчилер деле аргасыздан альянска же тандемге барып такалат. Балким, баштагыдай баркы жок калган “Ар-намыс” менен барабы же “Эмгек” менен биригеби, айтор, алар ушундай кадамга кадалганы турат.
– Азыркы кыргыз оппозициясын айтпай кеттиңиз, алардын шансы жок деп ойлойсузбу?
– Эмнеге, “Республика-Ата Журт” жаңы партиясы азыркы бийликке ашынган оппозиция болот. Булар бийликтин бир бутагында болгону менен, коалицияга кирбеген күндөн баштап өздөрүн расмий түрдө парламенттик оппозициябыз деп жарыялаган. Ал эми, депутат Равшан Жеенбеков жетектеген коомдук оппозиция дагы бир блок менен чыгышы мүмкүн. Ал жакта дагы аябагандай таасирлүү талапкерлер бар. Айталы, Аликбек Жекшенкулов, Өмүрбек Суваналиев, Артур Медетбеков, Бегалы Наргозуев, Азимбек Бекназаров, Муратбек Мукашев, Мамбетжунус Абылов, Мелис Мырзакматов ж.б.у.с. саясатчылар көп, аларды көңүл сыртында калтырууга болбойт.
– Мына ушул оппозиция өкүлдөрүнө жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жасаган акыркы аракеттерине эмне айтаар элеңиз?
– Ачыгын айта турган болсом, ашачапкандык, акмактык анан ары бара турган болсом, ашкере кошоматчылык. Равшан Жеенбеков мен билгенден ар дайым өз оюн ачык айтып келген конструктивдүү оппозиция өкүлү, ал эч качан радикалдуу кадамдарга барбайт. Дегеним аны душман кылыштын кажети жок болчу. Жумуртка саясатын жергиликтүү бийлик уюштурганы билинип эле турат, андай аракеттер азыркы бийликке аброй алып келбейт, тескерисинче элдин кыжырын келтирет.
– Рахмат маегиңизге.
Суроо салган Эрнис Балбаков

Булак: Фабула