пожарник

Аламүдүн районунда 2014-жылдын 4-декабрында саат 00:28де Кара-Жыгач айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан № 2 үйүндө өрт кырсыгы катталган. Өрттүн кесепетинен турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган аянты 100м² чатыры, үй эмеректери, кийим кече жана документтер күйгөн.

Мындан сырткары өрт болгон жерден үйдүн ээси 1973-жылы туулган Үмөтбаева Эльвира Абаскановнанын жана анын кызы 2011-жылы туулган Үмөталиева Касиет Тимуровнанын күйүп калган денелери  табылган.

Ошондой эле өрттүн кесепетинен үй ээсинин кызы 2010-жылы туулган Тимур кызы Асият жана тууганы 1963-жылы туулган Калдар Орозбаев колдорунан буттарынан жана денелеринен III-А,Б даражада (денелеринин  20-30% күйүк алышкан) күйүк алышып, Бишкек шаардык 4-ооруканасына жеткирилген.

Өрттү өчүрүүгө  КРнын ӨКМнин №5 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, өрт саат 02:50дө толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык болгон.

Ошондой эле Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча 2014-жылдын 3-декабры саат 08:30дан 4-декабры саат 08:30га чейин республиканын аймагында 7 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.