Усупбаев

Жаштар арасында тукумсуздук көбөйүп, урологиялык оорулар да жашарууда. Саламаттык сактоо тармагында жалпы оорулардын ичинен аталган оорулар 3-орунда турат.

Мырзалардын кулагына күмүш сырга дегендей, Мекен коргоочуларынын күнүн утурлай оорулардын келип чыгуу себептери, көйгөйлөрү тууралуу урология борборунун башкы врачы Акылбек Усупбаев менен маек курдук.

– Акылбек Чолпонкулович, урологиялык оорулары бар эркектердин балдарынын ден соолугуна тийгизген таасири кандай болот?

– Статистика боюнча жалпы оорулардын ичинен урологиялык оорулар 11-13%га чейинки көрсөткүчтү түзөт. Атай кетсек, алар бөйрөк, заара жана жыныс органдарынын оорулары. Бул оорулардын сезгенүүсү азыр эркектерде эле эмес, аялдарда жана балдар арасында да көп. Эне-баланын өлүмүнүн себептеринин бири эркектердин ден соолугуна байланыштуу. Эгерде эркектерде урологиялык инфекциялар болсо, ден соолугу начар балдар төрөлөт. Мисалы, азыр тубаса акыл-эси кем, бир бөйрөк менен төрөлгөндөр көбөйүүдө. Гипоспадия, заара түтүкчөсү бүтпөй же туура эмес бүткөнүнө жараша оорунун түрлөрү көп. Ошол эле инфекциянын кесепетинен өпкө, жүрөк жана башка органдардан тубаса оорулуулар төрөлүп жатат. Андан сырткары, энелердин төрөтүнүн оор болушу, төрөттөн кийин кандын көп кетиши, сепсис оорусуна өтүшү, кээде өлүм менен коштолушу абдан өкүндүрөт. AИВ/ЖИКС (ВИЧ/СПИД) сифилис жана башка оорулар менен ооругандардын 70%ын эркектер түзөт. Ошондой эле учурда простата безинин сезгениши, анын кесепетинен эркектик алсыздык оорусу келип чыгууда. Бул оору менен илгери 40тан өткөндө бирин-серин оорулуулар кезиксе, азыр жаш көрсөткүчтөрү андан төмөн.

– Эмне себептен мындай болууда?

– Мунун эң биринчи себептеринин бири – азыркы жашоо шарттын оордугу жана өз убагында дарыланбагандыктын натыйжасы. Үйдө шарты болбогон адам ден соолугун ойлобойт. Мындан сырткары, азыр инфекциянын түрлөрү көп. Мурда бир эле пенициллин менен дарыланып айыгып кетишчү. Азыр миллиондогон дарылар бар. Бирок, оорулар антибиотиктерди сезбейт. Инфекциянын аларга болгон сезгичтиги дээрлик жок. Бир чети бизде дары-дармектер тармагында туура эмес саясаттын жүргүзүлүп жатканы да башкы себептерден деп айтаар элем. Ар кайсы жерлерде, айрыкча Ош базарында дарыларды жайып сатып олтургандарды билесиздер. Аларда дарыны сактоонун эрежеси жок. Дарылар чоң баштыктан чыкпайт. Балким ысыкта, суукта же күн тийген жерде турат. Коррупциялык жолдор менен келген жана жасалма дарылар көп. Көпчүлүк арзанына карап ала беришет. Ал дарылар менен оорулуулар айыкмак турсун, кийин кандай дары берсең да жардам бербейт. Экинчиден, азыр кээ бир адамдар дарыгерге кайрылбай туруп, түз эле дарыканага барат. Ал өзүнө өзү дарыгер. Оорусуна жараша билген дарыларын алат же дары сатуучу менен кеңешип, сатып алган дарыларын өз алдынча иче баштайт. Мындай дарылануу убактылуу басат. Ошону менен унутулат. Ал адам жакшы болуп калдым деп ойлойт. Натыйжада, инфекция күчөйт да, оору өнөкөткө айланат. Кийин аны дарылоо он эсе кыйынчылык туудурат. Дарыканачылар сураган дарысын сата берет, себеби алардын бизнеси жүрсө болду. Ал эми башка өлкөлөрдө дарыгердин кагазысыз бир дагы дары сатылбайт. Мына ушундай баш аламандыктар ден соолуктун талкаланышына алып келүүдө. Туура эмес дарылануу, оорунун өтүшүп кетүүсү, жыныс органдарынын сезгенүүсүнөн улам жаштар арасында тукумсуздук көбөйө баштады. Тукумсуздуктун түрлөрү көп. Мисалы, сперматогенез бөлүп чыгаруучу клеткалардын жарабай калуусу, инфекциялардан, бруцеллездон, туберкулез менен ооругандардан болушу мүмкүн. Балалуу боло албаган үй-бүлөлөрдүн ичинен текшере келгенде буга себепкерлердин 40%ын эркектер түзөт. А бизде эч ким эркектен көрбөй, өмүр бою аялдарды күнөөлөп келишет. Перзенттүү болобуз дегендердин экөө тең тыкыр изилдөөдөн өтүп, дарыланышса сөзсүз жыйынтыгы болот. Тукумсуздук менен ооруган жаштар убагында бизге кайрылса, албетте дарылап, калыбына келтирсе болот. Эгерде өтүштүрүп жиберсе, клеткалар жарабай калат.

– Азыр простата безинин аденомасы оорусу да жашара баштаптыр…

– Жашы өтүп калган эркектерде простата безинин аденомасы чоңоюп, заарасы жакшы чыкпай кыйналышат. Бул көбүнчө 55 жаштан өткөндө кездешет. Бирок, азыр 45тен өткөндө башталып, оору жашара баштады. Эмне үчүн дегенде, ошол эле инфекция, жашоо таасирлери, регулярдуу аял-эркек жашоосунун жоктугун айтсак болот. Мындай учурда тестостерондун, гормондордун бөлүнүп чыгуусу бузулат. Аденомалар пайда болот да, зааранын чыгуусу кыйынчылык туудурат. Кыргыздын менталитетинде өзүндөгү ооруну бир жанга айтпай, жашырышат. Качан оору өтүшүп кеткенден кийин гана бизге кайрылышат. Заара чыгуусу бузулганда эле кайрылса, ачык операция жасабай, жөн эле дарыланууга болот. Ал эми өтүшүп кетсе, сөзсүз операция жасоого туура келет. 40 жаштан баштап ар бир эркек жыл сайын ПСА (простата специфический антиген) анализин тапшырып, УЗИден өтүп туруусу зарыл. Эркектерге байланышкан оорулардын аялдарга да тиешеси бар. Мисалы, жыныс безинин сезгенүү оорусу бар эркектин аялынын жатынында жара болушу мүмкүн. Аны убагында дарылабаса, ракка айланып кетиши ыктымал.

Мындан сырткары, жумуртка безинин сезгениши беш маал даарат алган молдокелерде көбүрөөк кездешет. Дааратты муздак эмес, жылуу сууга алуу керек.

– Аденома бези жана бөйрөк таштарын алдырууда убагында кайрылгандарга кандай жардам бересиздер?

– Убагында келгендерге ачык операция жасабай, эндоскопиялык жол менен, мындайча айтканда тешүү жолу менен операция жасалат. Аденома бези да эндоскопиялык жол менен алынат. Заара таштарын болсо, табарсык аркылуу бөйрөккө чейин кирип лазер, ультразвук менен талкалайбыз. Ачык операция кылганда 15-16 күн жатса, эндоскопиялык жол менен 3-4 күн жатат. Бизде акыркы жабдуулардын баары жетиштүү.

Бактыгүл Кулатаева