Тил боюнча семинар1

Кыргыз Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуу жана иш  кагаздарын жүргүзүүнү  мамлекеттик тилге өткөрүү  боюнча чаралар жөнүндө»  №114 токтомун, Кыргыз Республика Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы №155  Жарлыгын, «Кыргыз  Республикасынын  мамлекеттик  тили  жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу максатында  Кыргыз Республика Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору мамлекеттик  жана муниципалдык кызматкерлерди иш-кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүгѳ үйрѳтүүчү семинар-тренинг уюштурууда.

 Окутуу-маалымат борборунун тажрыйбалуу методисттери тарабынан иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө үйрөтүүчү заманбап окуу куралдары менен электрондук окуу каражаттары иштелип чыккан. Эми алар республиканын бардык аймактарында семинар-тренингдерди уюштуруп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге иш кагаздарын мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүү, укуктук ж.б. актыларды кыргыз тилинде лингвистикалык-кодификациялык ченемдерге ылайык  даярдоо ыкмаларын үйрөтөт, аларды котормо жана терминология жаатындагы жаңы тажрыйбалар менен тааныштырат.

Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө үйрөтүүчү алгачкы семинар-тренинг Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы жаштар китепканасында ордо калаанын Октябрь, Биринчи май, Ленин, Свердлов райондорунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери менен мамлекеттик тил адистерин окутуу менен башталды. Мына ушундай семинар-тренингдер жакын арада Чүй облусунда, андан ары республиканын бардык аймактарында уюштурулмакчы.

Капар ТОКТОШЕВ