Баракелде05F09F58-E7FC-45AA-96F3-5CDD112472E3_cx0_cy4_cw0_mw1024_mh1024_s Россиянын президенти Владимир Путин, Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен телефон аркылуу Бажы биримдигинин алкагындагы соода-экономикалык кызматташтыктын айрым актуалдуу маселелерин талкуулады.

Кремльдин басма сөз кызматына таянуу менен ИТАР-ТАСС бүгүн, 22-октябрда билдиргендей, Путин менен Лукашенко акыркы жолу 10-октябрда Минск шаарындагы КМШга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларынын катышуусундагы Евразиялык экономикалык коомчулуктун Эл аралык кеңешинин жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешитин отурумунда жолугушкан. Анын жыйынтыгында, 14 жыл мурда негизделген Евразиялык экономикалык коомчулукту (ЕврАзЭК), формалдуу жоюу, Евразиялык экономикалык биримдикке Армениянын кошулушу жана Кыргызстандын кирүүгө даярдыгы, буга катар эле Украинанын айланасындагы жагдайды талкуулоо, анын ичинде Киевди КМШ кызматташтыгынан четтетүү маселелери каралды.

Владимир Путин Евразиялык экономикалык коомчулукту жоюуга комментарий берип жатып, КМШ ичиндеги интеграциялык процесстер өнүгүүнүн жаңы даражасына чыккандыгын белгиледи. «Евразиялык интеграциялык процесс жаңы деңгээлге чыкты. Бирок биз Евразиялык экономикалык биримдик баардык күчү менен иштеши, биздин өлкөлөрдүн жарандары биздин аракеттерибиздин реалдуу жыйынтыгын сезиши үчүн дагы көп иштерди кылышыбыз керек», – деди ал.