1-1

Бүгүн, 2015-жылдын 30-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримовду туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысы урматтоо жана өз ара ишеним принциптерине негизделген Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы көп кылымдар бою түзүлгөн достук жана жакшы коңшулаштык байланыштар бир тууган эки элдин кызыкчылыгында өнүгөөрүнө ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Ислам Каримовго чың ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.