батыралиев кабыл алын1

Бүгүн, 2015-жылдын 2-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кызылча оорусун алдын алуу жана дарылоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле министр Талантбек Батыралиев менен өлкөдө мамлекеттик-жекече өнөктөштүк негизде жаңы медициналык мекемелерди куруу маселелерин талкуулады.

Мамлекет башчысы саламаттык сактоо тармагын реформалоонун жана бөлүнгөн финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануунун, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдү жоюунун маанисин белгиледи.

Мамлекет башчысы  көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын деңгээли калктын талабын канааттандырууга тийиш экендигин баса белгиледи. “Жарандардын саламаттыгын сактоо – мамлекеттин негизги милдеттеринин бири”, – деди Алмазбек Атамбаев.