Ризван1 Ризван

Исмаилова   Ризван – филология  илимдеринин  кандидаты. ОМЮИ доценти, “Жолон  Мамытовдун лирикасы”, “Эпикалык  чабыттар” илимий- усулдук жана ”Европанын  берметтери”, ”Сырдуу Италия”, ”Ак өрүк”,  “Кайрымдуу  жүрөк  карыбайт” жана “Дүйнөсү  түгөл Швейцария” аттуу прозалык  китептердин  автору.  Кыргыз  Республикасынын Ардак  Грамотасына, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  3-даражадагы,  облустук жана  республикалык “Алтын  калем” конкурсунун дипломдоруна  татыктуу  болгон. “Кыргызстан-  Сорос” фондунун, ПРООН, ЮНИСЕФ жана ЮСАИД  эл аралык  уюмдарынын, Улуу  Британиянын  эл  аралык  министрлигинин ММК боюнча  республикалык  конкурстарынын  жеңүүчүсү, республикалык К.Бобулов  атындагы  сыйлыктын  лауреаты.

-Ризван  айым,  Батыш  Европанын Германия, Франция,  Голландия,  Люксембург, Бельгия, Италия, Австрия жана  Швейцария  ж.б.  мамлекеттериндеги  саякатыңыздын эң эле  көңүлдө калганы,  өтө  таасирдүүсү  кайсыл  мамлекет  болду?

-2011-жылы Германия, Франция, Голландия, Люксембург жана Бельгия өлкөлөрүндө болдум. 2012-жылы Италиянын  Верона,  Флоренция,  Сан-Марино  жана Венеция  шаарларын  кыдырдым. Ал эми  2013-жылы  Бельгия,  Швейцариянын   Берн, Цюрих,  Женева,   Люцерн  шаарында жана  Оберланд,  Интерлакен,  Монтре,  Веве, Лозанна курортторунда  болдум. Батыш  Европадагы  таасирлеримди, көкүрөгүмдөн өткөргөндөрүмдүн баарын  “Европанын  берметтери”, ”Сырдуу Италия” жана “Дүйнөсү  түгөл Швейцария” деген жол  очерктеримде  чагылдырдым.  Мен  аларды  канчалык  даражада  бири-биринен  бөлүп  карабайын, экономикасы  өнүккөн, дүйнө  континентинде өзүн  лидер катары көргөн , бири-экинчисине атаандаш  өлкөлөрдүн  өзүнө таандык  менталитети,  артыкчылыгы, өзгөчөлүгү азыркыга  чейин баш  катырат. Дүйнөлүк аренада  Германия, Франция,  Голландия,  Люксембург, Бельгия, Австрия, Италия жана  Швейцария  абдан өнүккөн  капиталисттик  мамлекеттер. Буларда  биз  менен Өзбекстандагы  же  Казакстандагыдай    чек  аралар  жок. Чек аранын  жоктугун жогорудагы  мамлекеттердин тартип, эрежени, келишимдерди, негизги  мыйзамды  так  сактаганынан, бекем ишениминен  деп  билдим.  Ырас,  Германияда  коңшуларга  караганда  мыйзамы, тартиби өтө катуу  болгону  менен бардык  жарандарына  бирдей  мааниге  ээ, жоопкерчилиги  да бирдей. Гүл саткан  аял менен   канцлердин  укугу  бирдей, социалдык  абалынан  айырмачылык  табуу  кыйын,  анткени  немецтерде  билимдүүлөр, өз ишин  мыкты  билген  профессионалдар бааланат. Жогорку  маяналуу  кызматтарда интеллекти  бийик,  билимдүү, профессионал  адистер  иштешет. Ал эми  гүл  саткан, көчө  тазалаган аял же  ишкер  дейли, ал деле  өз ишинин чебери  болгондуктан, жогорку  маяналуулардан  кем  эмес  капитал  табат. Немецтерди чочуткан  нерсе, жогорку  эмгек  акы ала  турган ишин жоготуу коркунучу, ошондуктан өз ишине өтө  так, сергек,  жоопкерчиликтүү  мамиле  жасашат. Иш  маалында  үйүндөгү проблеманы, тиричиликтин кем-карчын, үйгө  келгенде,  ишиндеги  маселелерди  сүйлөшкөндү  жактырышпайт. Кызматка  кирээрде  бизге  окшоп,  тааныш-билиш  издемей, жолдошчулук, тууганчылык сыяктуу  түшүнүктөр  алар  үчүн  жат. Билим  берүүнүн  сапаты  биринчи  орунда   турат. Окуу  процесси, окуу  жүктөмдөрү, окуу усулдары   биздегидей  эмес, таптакыр  башкача.   Болония   процесси  калыптанып, санга эмес, сапатка , чыныгы реалдуулукка басым  коюшат. Баланын  шык-жөндөмүнө, талантына, өздөштүрүүсүнө, жеке өсүп-өнүгүшү   личностунун   калыптанышына   жараша, ар түрдүү,  ар кайсы  баскычтагы  мектептер, колледж, кесиптик  лицейлер  бар.  Университеттерде анык “вундеркинддер” окушат. Окууну  бекеринен  “стресс” деп  айтышпайт. Мындан 3-4 жыл  мурда ММК бир факт “дүң” дей  түшпөдүбү…  ФРГнын  жаш  саясатчысы (көпчүлүк  немецтер  аны келечектеги  канцлер  деп  эсептешкен), коргоо  министри  Карл-Теодорцу- Гуттенбург өзүнүн  философия  илиминин доктору (бизче  айтканда) деген  илимий   даражасын  ала  албай, кызматынан  да  кол  жууган. Аны   “плагиат” деп  айыптап, диссертациясында  бирөөлөрдөн, башка окумуштуулардан  көчүрүлгөн тексттин  20 пайызын аныктаганы  үчүн илимий  даражаны  берүүдөн  баш   тартышкан. А  биздечи?.. Илимий  даража  алуу  өзүнчө  бизнестин  түрүнө  айланган деп, кесе  айтсам,  аалымдарыбыз  таарынбаса керек. Анткени,   “бетке  айткандын  заары  жок” эмеспи.

Германия  тазалыктын, тактыктын жана  сарамжалдыктын   эталону  болсо, немецтердин жүргөн-турганы, “ ичинде ит  өлсө да билдирбей”,  эмоцияга  алдырбай,  тымпыйганы,  жылмайыңкы, сылык  мүнөзү, тактыгы, эмгекчилдиги  жакты. Ал жердеги шаарлардагы, “землясындагы”   ушунчалык тазалык, тартиптен өзүңдөн-өзүң  кооптонгондой, өзүңдөн-өзүң  этияттанып  калат  экенсиң. Убакытка өтө так жана сак, өндүрүмдүү  эмгектене  билген,  ден соолукту  биринчи  орунга коюп, турмушта  да немецче  принцип- критерийлер  менен  жашаган  калкты  сыйлоого  аргасыз   болосуң. Автобус  же  поезддерде  эч ким билет текшербейт, ара-чолодо  текшерип  калышса, төлөбөгөндөр   чет элден  келгендер же  гастрбайтрлар. Эки  жолу компьютерге салып,  жашаган  жерине  айып  пул  жөнөтөт, 3-жолкусунда  депортациялап ,  кайсыл  жактан келсе, экинчи келгис  кылып,  тик  учакка   салып  учуруп  жиберет. Автомобиль  жолдору, чоң трассалары  биздегидей   кызыл-тазыл жарнама, көрнөктөргө  толгон  эмес, жолдун  бүт белгилерин көргөзүп  турат. МАИчилер эмес, дарактын  башына  же  жолдогу  эски автомашинага коюлган   видеокамералар  жол  эрежелерин  бузгандарды  байкатпай  кармап  берет  да, айдоочунун үйүнө   айып пулдар жиберилет. 3-жолкусунда айдоочулук күбөлүгүнөн  ажыратып  коет. Токойдогу  куураган  жыгачтарга  эч  ким өрт койбойт, үйүндө   костер   жакса да,  полициядан же тиешелүү  кызматтардан  алдын-ала  уруксат алышат. Кошунасы  даттанса, дароо  полиция жетип  келет.

Ал эми Францияга  кирериңиз  менен шаңдуу, ажарлуу бир башкача дух  жан –дүйнөңүздү аралап  өтөт. Америкалык  улуу  жазуучу  Эрнест   Хемунгуэй; “Париж-бул  дайыма  сени  менен  кошо  болчу   майрам” деп бекеринен  таамай  айтпаптыр.  Анткени,   кайсыл   тарабыңды  караба,  жаркын-жарык  ауранын, айтып  бүткүс, сөз  жеткис  сулуулуктун, кооздуктун  кучагына  ороносуң. Адабият,  маданият жана искусстводогу адамзааданын   корифейлери  жараткан эмгектердин, чыгармалардын  түп- нускасы Париждеги  Луврда, Король Людовиктин ХIV нун  Версалдагы резиденциясында, Пикассонун  музейинде, Бастилиядагы опера  театрында жана  башка көптөгөн   баалуу  мурастарында  жатпайбы. Кол менен  жасагандай кооздуктун “периси”  Елисей  талаасы менен  8 секундда “Париждин  асманына” көтөрүлгөн  эң бийик  Монпарнас  мунарасы  кандай ажайып! Эйфель  мунарасына чыгып, түнкү же  күүгүмдөгү  Парижди  көрүүнүн  өзү  бакыт!  Түнү  менен  чардап, эртең менен  уктоону  адатка  айландырган француздардын  айтылып-айтылбаган  турмуш  образынын насилинде  эмнелер  жатканы өзүнчө роман….Европада бир  курулушту  курса, аны  менен кошо ошол  доордун өң-түсүн, келбетин, маңыз-маанисин , образын  кыскасы, бир кылымды кошо  курушат  турбайбы.   Көрсө, жаңы  курулуштардын   долбооруна  конкурс, тендер  жарыялоо тээ  мурунку  ХIV-ХV кылымдарда  эле  башталыптыр. Союз мезгилинде   эмнеге    СССРде  жумушсуздук аз  дешсе, бири курулуштун бир эле деталын же  бөлүгүн же кемчилигин  беш-алтоосу  кезек-кезек  менен  оңдоп-түзөп отурса, жумушсуздук болот беле дептир капиталисттер. Кол  чеберчилиги  менен  көздүн  майынан   50-60  жылга созулган  курулуштардагы  архитектуралык  ансамблдерине  кантип  суктанбай  кое  аласың!

Чоң трасса курушса,   кылымга тете  зыңкыйып  бузулбаса, бир курулуш курса, ошол мезгилдин өң-түсүн келечектеги  доордун түс-келбети менен кошо  синтездештирип жуурулуштурса, кылымдар  кыйырында өз  боеогун, мазмун-маанисин  тереңдетип, кебелбей  өмүр сүрүшөт…  Бир курулуштун  жылдап-жылдап  чеберчилик  менен тыкан  курулганы  союздагыдай  “беш  жылдыктын”, ”социалисттик  мелдештин” жоктугунан мамлекеттин  бүгүнкүсүн  эмес, келечегин  кошо  кургандай  таасир  калтырат. Улуу   инсандардын   айкелдери   же   эстелик –монументтер   биздегидей    даталуу   күндөргө, мааракеге  карата  шашылыш  курулбайт экен. Ошол  инсандын  бейнесинин  образы  так, айкын, дал өзүндөй ачылмайынча, тарыхый  нукуралыгына  дал  келмейинче( комиссия) уруксат  бербейт. Конкурстун  негизинде  мыктынын  мыктысы  тандалат. Сена  дарыясы  ачык  асман  алдындагы көркөм  галлерея,  андагы  ар  бир  көпүрөнү  антикалык  доордогу  скульптуралык чыгарманын  сюжети менен  кооздолушу,  архитектуралык  жасалгасы бир бүтүн  чыгарма же  өзүнчө  эпизод.  Француздар  мамилеге  ачык, шайыр, элпек келишет. Таза  французженкалар  боенуп- жасанып,   азиаттардай   косметикага жакын  эмес. Алар  насилинде  натуралдык , таза, нукура, табигый  кол  чеберчилиги  менен  жасалган буюм-тайымдарды  жакшы  көрүшөт. Алардын  акыркы  мезгилдерде тынчсызданганы   англо-африкалыктар  жана  башка  расадагы  улуттар  менен аргындашуудан   жана    башка      социалдык- этникалык   факторлордонбу  айтор, француздардын бой-келбети  кыскарып   баратканын   айтышат.

-Цивилизациянын  гүлдөгөн  доорлору,  айрыкча  Кайра Жаралуу (Ренессанс) доорунун өзөгү  Италияда көз  жарып,  Италиядан өзөк  алып, дүйнөлүк  маданияттын  очогуна  айландырганы талашсыз.

-Адамзат  тарыхында  чанда  жаралган  полимат- генийлер каерде  туулуп, каерде жарыкчылыкка  келгени  кеп эмес, өмүр-дүйнөсүнүн  кандай  артыкчылыгы,касиети менен  жаратмандыгынын сырын аңдап-билүүнүн  мааниси башка. Өз доорунан беш-алты кылымдай  мурдараак жаралып  калган универсалдуу инсан  Леонардо да  Винчинин киндик каны тамган туулган жеринин атактуу  Винчи  шаарынын топурагын  басып, абасынан жутууну, улуу даанышман ойчулдун өз колунан жаралган мурастарын  өз көзү менен көрүүнү кимдер эңсебесин. Дүйнөлүк маданияттын  кенчине айланган шедервлердин  авторлору: Леонардо да Винчи башында  турган Данте, Петрарка, Бокаччо, Макиавелли, Микеланджело,  Боттичелли, Рафаэль жана  башка көптөгөн  мастерлеринин  өмүр-дүйнөсү ушул  кезге  чейин   окулуп -үйрөнүлүп   келатканын  бир мандеми аларды үңүлүп, иликтеген сайын  маңыз-маанисинин  башка бир жаңы  кырлары, жаңы  сырлары, жаңы алкактарынын ачылышы эмне деген  табышмак. Леонардо  менен  Рафаэлдин,  эки  алптын,  эки таланттын  көз  карашы  келишпей,  Рафаэль  бийликке  жакын  болуп,  бийликтегилердин  буюртмасын  аткарса, Леонардо  эркиндикти сүйгөн,  өзүнүн жүрөгүндөгү  темасын  тарткан. Алар өзүнүн күчүнө, талантына   бекем  ишенгендиктен   диндин   кысымына,  муунтканына   карабастан, эркиндикти, теңдикти, жан дүйнөнүн улуулугун, духун даңазалай, чыгармасынын кайсы бир жеринде, кайсы бир штрихинде кол тамгасын калтырып  кетишкен. Италиянын жери,  суусу,  топурагы кала берсе климаты да бизге окшошот. Италиялыктар  дүйнө жүзүндө жолдорду, тоннелдерди жана көпүрөлөрдү курууда  эч кимди   алдына  салдырбайт. Бийиктен  туруп  карасаңыз, ички  жолдорунун көрүнүшү ийрелеңдеп, тарам- тарамданып,  көзгө  илешпеген  кыймылынан баш айланткан    соймоңдоп бара  жаткан  жыланды  элестетет.    Ачык-айрым, бакылдап-шакылдап сүйлөгөн шайыр мүнөз, эч бир шашпай, ашыкпаган камы жоктой, куунак жана көңүлдүү  жашоону жактырган  калк. ”Бакыт-бекем  ден соолук, начар  эс тутум” деп, чындаппы  же тамашалаппы айтканы көп  нерсени  түшүндүрөт. Деңиз үстүндө  термелген  Венецияда  “ күндө  майрам, күндө  той” дегендей эле, майрамдардан  баш  адашат.

-Биз бир мезгилдерде “экинчи  Швейцария болобуз” деген кыялга  ниеттенип жашаганыбызды жашырууга болбойт. Ушул сөздү  мамлекеттин  тунгуч  Президенти  айткан. Швейцарияда  болгонуңузда кандай  ойдо  болдуңуз?

-Алыскы  Чоң – Алайдын  бир капчыгайын  Швейцария деп  коюшат. Ушул сөздүн төгүн  жерден  айтылбаганын  байкадым. Жери, рельефи, климаты, ландшафты, тоолору, абасы да биздин  Кыргызстанга окшош, бирок жашоо  шарты,  жашоо  деңгээли  жана  жашоо  образы, өнүгүү деңгээли  боюнча асман менен  жердей  айырмачылык  бар. Мамлекеттик түзүлүшүндө  Конфедерация,  кантондор жана  коомдор негизги өзөк болуп, алардын ар биринин суверенитети  таанылган. Согушту көрбөй, согуштун апаатын сезбей, тынч өнүгүүгө бет алган, нейтралдуулукту туу туткан өлкөдө эмне көп?  Банктар, курорттор, музейлер көп. Музейлердин түрү, тиби, саны, багыты боюнча   ар бир кантондун  эле эмес, ар бир  жердин  бүтүндөй тарыхын сактап калышкан. Швейцариянын  кайсыл аймагына барбаңыз же кантонунда болбоңуз, шаардык, айылдык же тоолук деп бөлүүгө болбой  турган  турмуш бар. Бир   кылка, тегиз өнүккөн, бирдей шарттары бар  бейиштегидей  кооз жана көркөм, бакубат жана бай  турмушту көрөсүз. Каерде, качан канча бай жана белгилүү  адамдар  жашап өткөнүн алар жашаган  үйлөрдүн  фасадындагы бир бурчуна илинген  кара-көк  тактайчалардан  билесиз. Аюу, таргыл уй жана саат символикалык  белги, бренд  катарында  даңазаланат. Сааттын  ташы, түрү, дизайны, кызматы, сейрек  сериясы, таандыктыгы, кимдерге арналганы, кыскасы, жаралуу  тарыхынан тартып, өндүрүштүк  эволюциясын-  прогрессин,  баа- наркын  чагылдырган  атайын музейлер  бар. Саат өндүрүшү  өзүнчө  илим катары  калыптанган. Абасы бир башкача таза, жаңы төрөлгөн наристенин жытындай жагымдуу, мээ сергитип, жан-дүйнөңдү жыргаткан, жашоого  кумарланткан башкача бир жагымы, таасири бар. Касиеттүү  Альпы тоолорунан  агылган  абанын  агымы саат сайын эмес, мүнөт сайын  тазарып-аруулана, көкүрөк  көөдөнүңү жыргата  жыпар жыттарды  аңкытканы  бир гана  Европанын  Швейцариясына  энчиленгендей туюлат.

 

-Эмнеден  улам “Европанын  берметтери” деген  китебиңизде  Рембрандттын өмүрүн  кыргыздын улуу актрисасы  Бакен   Кыдыкеевага салыштырып  жаздыңыз?

-Улуу  художник  Рембрандт  Харменс Ван Рейн Голландиянын эле эмес, Бүткүл Батыш  Европанын  живопись өнөрүнө, сүрөт искусствосуна “төңкөрүш”  жасаган гений. Анын  атагы  таш  жарып  турган  мезгилде  Амстердамдын    интеллигенциясынын “каймактары”,  бийлик  башындагылар   анын  өнөрканасына  барууну сыймык  катары  көрүшкөн. Художниктин  ушунчалык  кең  пейилдигинен   пайдаланып, кайталангыс, баасыз  эмгектерин  бекер  белек  катары алгандар көп   болуптур. Анын   башына иш түшкөндө, жеке  кайгысынан кайышып, көр тириликтин  көйгөйүнөн   жаны  кашайып кыйналганда , бирөө да алын  сурабаптыр. Художник да жардам  сурап, эч   кимисине бут баспаптыр. Так ошондой тагдыр  кино жана театр  жылдызы Бакен   Кыдыкееванын  башына  түшпөдүбү. Бир мезгилде  Бакен  десе чуркап  баргандар,  бийликтегилер,  искусствону башкарган  чиновниктер анын кийинки  тагдырына  кызыгып  да коюшпайт. Акыркы зыйнатына  бийлик  башындагылар  басып келбегендиктен,  эл аны ызат-урмат менен көмөт. Өмүрү  театрсыз өтпөгөн, өмүрүнүн  акыркы   жылдарында  пенсияга  чыкканда  бир тууган  театрына кире  албай, эшигинде  сагалап  калат дегенди  кантип түшүндүрсө  болот?  Карыганда  көчөдө тентип,  өлүкканада  18 күн  жаткандан  кийин  улуу  актрисадан  түбөлүккө  айрылганыбызды  билип  атпайбызбы.  Колунан  иш  келген чиновниктердин бир туугандарынан  же жакындарынан  бирөө  өтсө,  тажыясына  кошоматчылар көчүп  барып,  акыркы  зыйнатынын   даңазасын  ашырып  жатпайбы…

Бакен  Кыдыкеева кайсы бир жылы  Парижге  барганда, Франциянын  атактуу , улуу актеру  Жерар  Филипп  менен банкетте  жанаша  отуруп  калышат. Ошондо Ф.Филипп   актрисанын  сулуулугуна, келишкен  келбетине  суктанып, тан берип, “Сага арнап, кино  тарттырып, башкы  ролго  чакырам  деп,” айткан  экен. Аны   эженин  өз оозунан  уккан  оргиналдуу  жазуучу  жана  драматург М. Гапаров  эскерип  жатпайбы? Улуттук  адабиятыбыздын  корифейлери  Ч. Айтматов  менен Т.Касымбековдун чыгармалар  томдугу бийлик тарабынан элге, ишкана-мекемелерге  саттыртып   жаткан соң, башка  акын-жазуучуларыбыздын  эмгектери  жөнүндө  айтпай  эле  коеюн. Азыркы      замандын      жазуучулары  чыгармасын жазып, китеп  кылып  чыгарып, өзү  сатып  жүрсө, эмне дейсиң! Жамактап ыр жазгандын  баары “ акынмын”, эки сөздүн  башын  бириктирип  чиймелегендер “жазуучумун” деп, төш  какса,  чыныгы  көркөм  чыгарма, нукура  көркөм дөөлөт  кандай  болорунан   кабары   жок  окурман  журтунун  табитти   кантет? Көркөм  сындын учугу  үзүлгөндөй, адабий  сын, сынчылар ың-жыңсыз. Руханий  дүйнөбүздүн жардылыгынан  пикет  артынан   пикетке  чыгып, бийликтин   кадыры   калдыбы?  Пикетке  чыгарыш үчүн, мансапка  жетиш үчүн  же болбосо мандатын  сактап  калыш  үчүн  колу  жука  элге  акча тараткандар,  китеп   чыгарыш  үчүн  каражатын  бөлүшсө, балким  башкача заман  болоор  беле? Эмнеге  мынчалык  бийликке   жулкунушканы  бешиктеги балага да  белгилүү  да.

-Өнүккөн  өлкөлөрдүн   жарандарынан   эмнелерди  үйрөнсө  болот дейсиз?

-Мыйзамды  сыйлап  жашаганды  жана өзүн урматтай  билгенди   жуктурсак  алдыга  кетебиз. Бир мисал,  бизде пенсия  курагына  барып калганда өзүндө ички жана сырткы чөйрөнүн  таасиринен тез  картаюу  башталат. Карыганда   карыгандай кийинбейби, үйүндө эле  отурбайбы  деген ушул  сыяктуу  кептер  адамды  чүнчүтөт. Ким  жаштыгын  берип коет?  А-а,   Европада  пенсияга  чыккандан  кийин (алардын  пенсиясы өтө  жогору), тээ   карылык  биротоло  желкелеп, кол-буттан  алгыча  өзүн  коомго  пайдалуу  киши  катары  сезүү сезими күчтүү. Зыңкыйып  кийинип,  кино-театрга  барат, башка  өлкөлөргө  саякаттайт,  спорт жана туризм  менен  алектенет, китеп окуп,  музыкалык бир аспапты үйрөнүү үчүн  музыка  сабагына  барат. Классикалык музыкага  баш-оту менен  берилгендер опера  жана балет  театрларын   жанындай   көрүшөт.  Биздеги социалдык-психологиялык  кырдаал, шарттын  өзү психикалык  жана руханий  жактан  сүлүк  курт  сыяктуу өмүрдү соруп  жатпайбы.  Ошондуктан   бардыгына  өмүрдүн    баасын, тирүүлүктүн   нарк-насилин  сезип  жашаганга   адаттаналы  деп  айткым  келет.

Карбалас Бакиров