бөбөк

  Ош шаарынын жашоочусу милицияга анын кызын таап берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул тууралуу Ош шаарынын ИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 50 жаштагы шаардын Салтанат аттуу жашоочусу (аты өзгөртүлдү) өзүнүн арызында, анын кызы дайынсыз жоголгондугун билдирген. Арызга ылайык, 30-январда кызы үйүнөн чыгып кетип, келген эмес.

ИИБден билдиришкендей, «Ак-Буура» аймактык милиция пунктунун тергөөчүлөрү 17 жаштагы Венера аттуу (аты өзгөртүлдү) кызды шаардын төрөт үйлөрүнүн биринен табышкан. Белгилүү болгондой, ал эркек бала төрөгөн.
Кыздын айтымында, ал боюнда болуп калгандыгын өзүнүн апасына айтуудан корккон. Мөөнөтү келгенде, төрөө үчүн үйүнөн кетип калган.

Ошондой эле, белгилүү болгондой, №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун гинеколог-дарыгер аял жасалма документ менен (башка кыздын паспорту) аны төрөт үйгө каттаган.

Төрөттөн кийин бала Салия (аты өзгөртүлдү) аттуу белгисиз аялга берилген.

Ал эми гинеколог-дарыгерге карата баланы сатуу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.