SONY DSC

КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей,  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы 2014-жылдын 31-октябрь күнү саат 10:00дө Ош технологиялык университетинде өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрөт. 

Машыгууга Ош шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынан 5 өрт өчүрүүчү автоунаа, Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын Ош гарнизонунун бардык өздүк курамдары, КРнын ӨКМнин Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары, Ош шаардык медициналык тез жардам кызматы, Ош шаардык ички иштер кызматы, электр тармактар кызматы тартылат.

Машыгуунун башкы максаты: өрттөрдүн алдын алууда суу менен камсыздыгын, унаа жүрүүчү жолдордун абалын көрүү, ар кандай учурлардагы өрт кырсыктарын өчүрүүнүн ыкмаларын үйрөтүү, өрт өчүрүүдөгү өздүк курамдардын практикалык билим деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Машыгуу практикалык негизде өтүп, Ош шаарындагы ар кайсы тармактардын өрт өчүрүүгө болгон даярдыктары жана мамилеси да жеринде текшерилип, жыйынтыгында ошого жараша баа берилет. Өз милдеттерин так аткара албаган кызматтардын жетекчилерине машыгуунун жыйынтыгы менен чара көрүү сунуштары берилет.