Ош облустук сотунда кечээ, 25-февралда саат 16:45 чамасында өтүп жаткан сот отурумунда айыпталуучу качып кетти.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы билдиргендей, кечээ Ош облустук сотунда 1974-жылы туулган К.Манап аттуу жарандын иши каралган. Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси («баңги затын мыйзамсыз сактоо, колдонуу, ташуу, өндүрүү жана сатуу») менен айыпталууда.

Сот залынан чыккан айыпталуучу белгисиз тарапка кеткен. Айрым маалыматтар боюнча, ал дааратканага барып келүү үчүн суранып чыгып, андан ары качып кеткен.

Буга байланыштуу Ош шаарында жана Ош облусунун аймагында «Сирена» операциясы жарыяланды.

Манап