14147589926423114118_600x400

Орус рублинин куну качып жаткандыгына байланыштуу 2015-жылы 9 өлкөнүн, алардын арасында Кыргызстан кошулуп 10 млрд. долларга жакын каражаттан куру жалак калышы мүмкүн. Мындай божомолду 18-январда Guardian гезити жазып чыкты.

Гезиттин маалыматына таянсак, орус валютасынын кризиси кошуна өлкөлөрдүн экономикасына коркунуч келтире баштады. Рублдин 50%га чейин нарксызданганы борбор-азиялык жанан кавказдык эмгек мигранттар өз өлкөлөрүнө которуп жаткан миллиарддаган акча каражаттардын кунарын качырууда.

Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча мигранттардын акча которууларына Армениянын 21% , Грузиянын 12%, Кыргызстандын 31,5%, Молдованын 25%, Тажикстандын 42%, Өзбекстандын 12% экономикасы көз каранды. Бул дүйнөдөгү эң чоң көрсөткүчтөр.

Бүткүл дүйнөлүк банк өткөн жыл соңуна чейин 9 өлкөнүн акча которуулары 33,3 млрд. долларга жетет, анын 19 млрд. доллары Орусиядан которулат деп болжогон.

Атай АЛТЫМЫШЕВ