тест-

Билим  берүү  тармагындагы  коррупциялык схеманын  тамыры  кайдан, кантип   башталаары  эч  кимге  жашыруун   болбой  калды. Ош шаарындагы  билим  берүү башкармасы   быйылкы  жылы  предметтик  сынактарды  компьютерде  электрондук түрүндө  өткөрдү. Анын  бир  артыкчылыгы  биринчи  жолу  окуучу өзүнүн  билиминин   деңгээлин, т.а.  упайын  компьютердеги   мониторингден көрө алат жана  ата-энелер да  сырттагы  залга  коюлган телевизордогу  таблодон жыйынтыгы  билишти. Шаардагы  53 мамлекеттик  жана жеке  менчик   мектептер, ЖОЖдордун   алдындагы жана жеке  менчик  лицейлер: “Сема”, “Себат”, “Агахан”, “Билим”, “Ыйман”, ”Светоч” жана ”Илимден” баардыгы  болуп, 60 мектеп  катышты.  Шаардык-аймактык   биринчи  турда  11 предметтен олимпиада өтүп,  ар  бир предметке 30 суроодон  берилди. Айрым   мектептерден  жетишээрлик түрдө  упай алышкандар  менен  таптакыр  нөлгө  жооп берген окуучулардын  да  көп  экенин жашырууга  болбойт. Мунун  себебин Ош шаардык  билим  берүү башкармалыгынын усулкана  башчысы Жеңиш   Байзаков  мындайча  түшүндүрдү. “Айрым  мектептерде  олимпиаданын  мектептик  туру өткөрүлбөй эле,  ким  жакшы  окуса, ошол  баланы жөнөтүп  коюшат. Нөл  алган  балдар ошондойлор. Кайдыгер  мамиледе  болуп, катышып  кое  бер дегендер да бар. Олимпиадага  даярдоо жана даярдануунун өзүнчө эрежелери  бар. Шаардагы  И.Раззаков  атындагы жана бир катар лицейлерде  бул нерсе  калыптанган  жана жоопкерчилик  менен  мамиле  жасалат. Тилекке  каршы,  мамлекеттик  мектептерде  атайын  даярданууну маселесине кош  көңүл  мамиле  жасалып  жатканын  олимпиаданын  жыйынтыгы  айгинеледи”.

Кийинки  турга  эң жогорку  упай алышкан  16 окуучу  тандалып  алынат. Усулкана башчысы Ж. Байзаков: “Окуучулардын  эң  күчтүүсүн  тандашыбыз  керек. Анткени, республикалык  олимпиадага мектептерден  мыкты окуган  “вундеркинд” балдар  келишет. Кээ бир  мектептерден  10-,11-класстын  деңгээлинен да   жогорку  дүйнөлүк олимпиадага  катышууга  ниети  бар  балдар ат салышат. Улуттук  тестирлөө  борборунун  суроолорунан  да  кошуп койгонубуздун  себеби, окуучунун   логикалык  жактан   ой-жүгүртүүсүнүн  ойгонушуна   азыртадан  камылга  көрүшүбүз   зарыл” деди.

Ризван  Исмаилова, Ош шаары