Аксы акими Медетбек Айдаралиевдин окуучу күндөлүгүнүн биринчи бетине өз сүрөтүн чаптап сатканы жергиликтүү тургандардын сынына кабылды.

Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиевдин күндөлүккө чапталган сүрөтү.

Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиевдин күндөлүккө чапталган сүрөтү.

 Айрым аксылыктар акимдин ишмердигине нааразы болуп, элди экиге бөлүп жатат деген негизде өлкө жетекчилигине кайрылды. Айдаралиев буларды курулай доомат деп, сотко берерин билдирүүдө.

Аксы районунун тургуну, Апрель баатырыБатырбек Кыдыев президент Алмазбек Атамбаев баш болгон өлкө жетекчилерине кайрылып, аким Медетбек Айдаралиевдин кылык-жоругуна көңүл бурууну суранган.

Кайрылууда Айдаралиевдин уулу “Газпромнефть” май куюучу бекетинен 830 миң сомду каракчылык менен уурдаганы, натыйжада бир жылга шарттуу гана кесилгени, соттолгон адамды кызматка алганы, уруу-урууга бөлүп, жасаган ишине карабай жумуштан айдаганы жазылган. Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда ачылган Иринжит каналына топурак толуп, талкаланганы белгиленген.

Медетбек Айдаралиевдин сүрөтү ушул күндөлүккө чапталган.Медетбек Айдаралиевдин сүрөтү ушул күндөлүккө чапталган.

Кыдыевдин белгилешинче, акимдин окуучу күндөлүгүнүн биринчи бетине өз сүрөтүн чаптап, 50 сомдон сатканы айрым жергиликтүү тургандардын нааразылыгын күчөттү.

– Негизгиси эле элди экиге бөлүп атат. Башка уруудагыларды четинен кызматтан алууда. Ошондой эле окуучу күндөлүгүн карап көргүлө. Анын айтканы Манастын жети осуятынан да өйдөбү? Же ал райондун ханыбы?! Ал жерге Манастын жети осуяты жазылчу эле. Эки жолу өкмөттөн сөгүш алды, ага карабай кийин эле “Кыргыз Туусу” гезитинен грамота алып жатпайбы. Бийлик деле иштебей калды. Баласы 830 миң сомду уурдап кетип атса, аны чыгарып эле койду го. Мен уурдасам жөн эле 10 жылга кесип жибермек. Бул бийликтин жоктугу же болбосо акчалуулардын иши. Болбосо баласы уурулук кылып атса, ошол киши аким болуп отурабы?

Аким дооматтарды четке какты

Медетбек Айдаралиев Аксы районуна аким болуп 2012-жылы шайланган. Социал-демократтар партиясынын райондогу координатору катары белгилүү. Уулунун ишине байланыштуу былтыр эки ай кызматтан убактылуу четтетилип, кайра келген. Шаардык кеңештин депутатыЭргешалы Озокеев бийлик ага карата калыстык кылбай жатат деген ойдо.

– Калыстык болбогондон кийин элде нааразылык пайда болот экен. Баласынын уурулугун кармаган милиция башчысын иштен кетирсе, анысы аз келгенсип күндөлүктүн биринчи бетине өзүнүн сүрөтүн чаптап, мектептерге саттырса… Ушинте берсе Алмазбек Шаршеновичтин партиясынын да аброю кетет. Ошондуктан эл арасында “КСДПчы болсоң эле баары кечириле берет экен” деген да сөз чыгып атат.

Медетбек Айдаралиев жогоруда айтылган дооматтарга макул эмес. Ал айтылгандарды курулай каралоо деп, дарегине доомат айткандарды сотко берерин “Азаттыкка” билдирди. Ошондой эле уруусуна карап кызматтан алып жатат деген сөздөрдү төгүндөдү. Анын айтымында, Иринжит каналы боюнча тендер Бишкекте өтөт жана ал толугу менен 2015-жылы ишке берилет.

Иринжит каналы.Иринжит каналы.

– Иринжит каналы толук бүткөн. Бирок толугу менен пайдаланууга 2015-жылы берилет. Азыр аны андай-мындай деп айтканга эч кимдин акысы жок. Буга байланыштуу тендер да Бишкекте өтөт. Ошондуктан каналга акимди аралаштыруу мыйзамсыз. Аким акча бергиле, аны куралы, муну куралы, чечели деп ыйлагандан, чуркагандан башка эч иш кыла албайт. Канал 90 пайыз жараксыз абалда турат дегендери калп. Экинчиден, азыр Аксыда саруу, багыш деген маселе жок. Үчүнчүдөн, 80-90 сомдон кымбат күндөлүктөр бар экен. Биз райондун жетекчи орун басары, РИИБ жетекчиси жана мен болуп, окуучуларга күндөлүк таркатканбыз. Тескерисинче, окуучулар райондун башчысынан ушундай каалоо алдык деп сүйүнүп жатышат. Анда тартипти бузбагыла, жакшы окугула деген каалоодон башка эч нерсе жок. Бирок мага моралдык зыян келтиргени үчүн сотко берем.

Иш териштирилет

Кадр кызматынын жетекчи орун басары Бактияр Фаттахов күндөлүккө сүрөтүн чаптап, окуучуларга саткан мамлекеттик кызматкердин этикасына шайкеш келбей турганын, бул териштирилерин белгиледи:

– Азыр базар экономикасы деп жатпайбызбы. Орусиянын телеканалдарында Гитлердин сүрөтүн виного чаптаган деп көрсөтүп жатышат. Мамлекеттик кызматтын өзүнүн этикалык жоболору бар. Эгер бул факт чын болсо ал жакшы эмес, нормаларга туура келбейт. Укуктук мамлекет болгондон кийин билбей-көрбөй туруп бир нерсе айтуу кыйын. Эл бул маселени көтөрүп атса көңүл буруп, караш керек. Биз муну электен өткөрүп, териштиребиз.

Эксперттер үлгүлүү, өзүнүн жасаган иши менен тарбия берип, жаштарга стимул болчу адамдардын сүрөтүн дептер же күндөлүк сыяктуу окуу куралдарга жармаштырууну туура эле көрүшөт. Бирок аким же кайсы бир мамлекеттик кызматкерлердин мындай кадамы популизм катары каралууда.

Канымгүл Элкеева, “Азаттык”