вал1

Өлкөдөгү менчик алмаштыруучу жайларда иштешкен айрым “шылуундардын” Банктар аралык соода боюнча белгиленген өлчөмгө бир аз кошуп сатышса, мейли үй-бүлөлөрүн багышсын дейсиз го. Тилекке каршы, аларды бир аз азыраак кошуу канааттандырбайт окшойт. Антпесе, жаңырган жылдын алгачкы эле айында АКШнын 1 доллары 61 сомдон ашпайт эле го. Көрүнүп тургандай, акча алмаштыруучу жайларда иштешкен эргулдар, кээ бир атуулдарыбыз эптеп бир айда тапкан маяналарын бир аз гана күндө, эч кыйналбастан табышарын эл-журт көрүп, сезип турат.

Рынок шартында, демократиялык өлкөдө жашайбыз деп  ар ким каалаганын жасай берсе болбойт го. Кандай болсо да ар нерсенин чеги болуш керек, анан калса, мээнет менен таппаган дүйнө  эч качан жукпайт, түбү да жакшы болбосун унутпаганыбыз оң.

Айрым маалыматтарга караганда, финансылык жагдайда өнүккөн көпчүлүк өлкөлөрдө акча алмаштырууда биздегидей ортомчулар жок. Ал эми бул олуттуу маселенин отчеттуулук жагдайын көзөмөлдөгөн коммерциялык банк акча алмаштыруу боюнча функциясын өтө ачык-айкындуулук менен ишке ашырат.

Эскерте кетүүчү жагдай, жакында КРнын Улуттук банкы өлкөдөгү менчик акча алмаштыруучу жайларды жабуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомчулуктун талкуусуна чыгарды. Чынын айтуу керек, бул долбоорду ушул тармакты мыкты билишкен тажрыйбалуу адистер жакшы кабыл алышкан жок. Алардын айтымында, бул долбоордо өлкөдөгү чоң-кичине акча алмаштыруучу жайлар толугу менен Улуттук банктын жеке монополиясына айланат. Экинчиден, акча алмаштыруучу жайларды ачып, көптөгөн биздин атуулдарыбызга иш берип, үй-бүлөлөрүн багууга мүмкүнчүлүк түзүшкөн ишкерлердин кызыкчылыктары да эске алынган эмес.

Кыскасы, өлкөдөгү көптөгөн жеке менчик обменкалар элдин шайын кетирген обманкаларга эмес, мамлекеттин, ишкерлердин, финансылык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын көздөгөн пайдалуу тармакка айланышы керек.

Бактыбек Имамадиев