назарбаев1

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланып, жылына бир жолу элине Кайрылуу жасайт. Адатта бул жыл башында болот. Өткөн жылдын жыйынтыгы чыгарылып, алдыдагы милдеттер белгиленет. Мамлекет башчысы жыйырма жылдын ичинде бул салтты биринчи жолу «бузуп», 2013-жылдын Кайрылуусун 2012-жылдын 14-декабрында жасаган болчу. Көрсө, Нурсултан Абиш улуу Жаңы жылга жаңы дем – жаңы программа менен баралы деген экен. Ошентип ошол күнү «Казакстан-2050» Стратегиясы элге шардана кылынган. Келерки жылдын адаттагыдай кайрылуусунда ушул Стратегия бышыкталып, Президент ага жаңы өңүт берип, дүйнөдөгү өнүккөн 30 мамлекеттин катарына кошулуунун «Түбөлүк Казакстан» долбоорун сунуштаган.

Эми, быйыл, Президент Н. Назарбаев 11-ноябрда кезектеги Кайрылуусун дагы да алдын ала жарыялап, министрликтер менен ведомстволордун, мамлекеттик органдардын жетекчилерине «Жаңы жылга чейинки 50 күндүн ичинде ишмердиктерин «Нурлуу Жол» жаңы экономикалык саясатына ылайыкташтырууга тапшырма берди.

Казакстандык жаңы экономикалык саясаттын максаты – Назарбаев өз кайрылуусунда белгилегендей, жакындап келе жаткан дүйнөлүк каржы-экономикалык кризисти өлкөдө болтурбоонун камын көрүү. Ушул тушта биз дагы белгилеп койгубуз келет, «Бош кашык ооз жыртат» деп казак макалында айтылгандай, Назарбаев эч убакытта кур дүрмөт сөздү айтпайт. «Нурлуу Жол» программасы тиешелүү каржы менен камсыздалып жатат. Маселе – аны аткаминерлеринин аткара билүүсүндө гана. Президенттин демилгеси менен он беш жылдай мурда Казакстанда Улуттук фонд түзүлүп, чийки заттарды сатуудан түшкөн пайда ага чогултулуп келген. 2007-2009-жылкы дүйнөлүк экономикалык капсалаң жылдарында ушул фонддон өлкөнүн экономикасына 10 миллиард доллар көлөмүндө каржы бөлүнгөн. Эми «Нурлуу Жолду» нукка салуу үчүн алгачкы үч жылда аталган фонддон жыл сайын 3 миллиард доллардан каржы бөлүү каралууда. Анын үстүнө Казакстандын өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Бүткүл дүйнөлүк банк 2015-2017 жылдарга бөлгөн 155 миллиард теңге дагы бар. Президенттин айтымында, эл аралык каржы институттары жалпысынан жакынкы жылдары 9 миллиард доллар берүүгө даяр. Айтор, Казакстан Нурсултан Назарбаев салып жаткан «Нурлуу Жол менен» жүрсө, жакынкы жылдары дагы бир экономикалык секирик жасай тургандай.

 Атай Алтымышев