image

Азил-чыны аралаш суроолордун үзүмү менен  арзуу ырларын созолонтуп аткарган назик кыз Назира Токоновага собол узаттык. 

-Паспортуӊа түшкөн сүрөтүӊ  өзүӊө жагабы?

-Жок. Мага жага бербейт (күлүп). Тимеле мотурая карап түшүп калгам да.

-Чарчоонун чаӊкоосун кантип  жазасыӊ?

-Уктайм деп койбоймунбу?… Жок, жаратылышка чыгып эс алам.

-Кайсы ичимдикти каалап ичесиӊ?

-“Пепси”, “Кока-кола”, “Фанта” суусундугун кангыча ичем.

-Ал эми алкоголдук ичимдикти качан акыркы жолу ичтиӊ?

-Иче элекмин.

-Качан ыйладыӊ?

-Ыйлаган жокмун, акыркы ыйлаганым эсимде жок экен.

– Карьераӊ үчүн чачыӊды кырдыртып сал деген сунуш кылынса эмне кылмаксыӊ?

– Жок ай, кантип чачымды алдыртам. Элестеттим, Назира чачы жок жүргөнүн. Кудай сактасын, андай болбой эле койсунчу.

-Пара сунуштап көргөнсүӊбү?

-Жок.

– Сени мырзалар бат тил табышат дешет, ошондойбу?

-Ооба, негедир мырзалар менен ылдам тил табышкандыгым анык. Бирок, ошол эле кезде айымдар менен да сүйлөшө алам да.

-Эл кол чаппай койсо кандай абалда болосуӊ, абалдан кантип чыгасыӊ?

– Албетте, ыӊгайсыз абалда калам. Мурун, ыйлагым да келип кетчү. Азыр андай эмес деп айта алам. Күлүп абалдан чыгууга аракет кылам.

-Кайсы сапатыӊ сенин жашооӊо, ийгилигиӊе терс таасирин тийгизип келет?

-Ак көӊүлдүгүм жана ишенчээктигим го.

-Калп айтасыӊбы?

-Кудай сактасын. Бирок кээде, кээде гана болуп калышы мүмкүн.

-Эртеӊ менен турсаӊ эле эркек болуп калсаӊ эмне кылмаксыӊ?

– Ха, ха,ха. Ээ, андай болбой эле койсунчу.

  Мээрим БАКТЫБЕК кызы