Усуптегин

           Өткөн жылдын июнь-ноябрь айларында өлкөдө «Жергиликтүү бюджет жамаатка тиешелүү» аталышта жалпыга маалымдоо каражаттар арасында атайын сынак Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) тарабынан өткөрүлгөн. Швейцария өкмөтү Британиянын эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин өнөктөштүгү аркылуу каржылаган «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун жыйынтыгы 13-февралда Бишкек шаарында чыгарылды.

Алгач «Аймактардын маалымат мейкиндиги: бурмалоолор, боштуктар жана коммуникциялык ажырымдар. ЖӨБ менен салттуу ЖМКнын ортосун байланыштыруучу звено катары жамааттык ЖМКнын ролу» деген аталышта талкуу жүргүзүлдү. Жогорудагы долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургүл Жамангулова «ЖӨБ ЖМК үчүн маалымат булагы катары» деген темада, ушул эле долбоордун тажрыйба боюнча адиси Гүлайым Шамшидинова «Муниципалитеттер арасындагы түз маалымат», жамааттык ЖМК бирикмесинин деректири Назира Жусупова «ЖӨБ менен салттуу медианын ортосун байланыштыруучу звено катары жамааттык ЖМКнын ролу», ал эми ӨСИнин башкармалыгынын төрайымы Надежда Добрецова «Коррупциялык кылмыштар тууралуу кабарлардын мисалында ЖӨБ боюнча маалыматтардын берилиши жана бурмаланышы» деген аталыштар боюнча кызыктуу баяндамаларды жасашты.

Жыйындын экинчи бөлүгү сыйлоо аземине арналып, анда ӨСИнин медиа-эксперти Лариса Ли айым чыгып сүйлөп, сынакка өлкөнүн бардык облустарынан 160 макалалар (57 басма, 78 интернет жана 25 эфирдик) 31 автордон түшкөндүгүн шарданалап, өзүнүн тиешелүү сын-пикирлерин билдирип, жыйынтыгында атайын баллдык көрсөткүчтөн кийин 16 автор жеңүүчү деп табылгандыгын белгиледи.

Мындан кыргыз тилиндеги макалалардан биринчи орундар: интернет боюнча «Баракелде (Турмуш)» сайтынын Нарын аймактык кабарчысы Күмөндөр Усуптегинге жана басылмалар арасынан Нарын облустук «Теңир Тоо» гезитинин кабарчысы Клара Эсеналиевага, теле-радио боюнча экинчи орун Нарын облустук теле-радио компаниясынын башкы редактору Жыпара Садыкказиевага ыйгарылды.