Нарындагы мечит

 27-февраль күнү Нарын шаарында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын уламалар Кеңешинин төрагасынын орун басарлары, Кеңештин мүчөлөрү жергиликтүү бийлик менен бети калды масилеттешүү өткөрүштү.

-Биз жер-жерлерде ханабий-маскаб иш аракеттеринин аткарылышы, радикализмдин кырдаалы жана ата-энелердин милдеттери тууралуу маалымат алмашуу үчүн келип жатабыз. Маселен Кызыл-Кыядан 58, ал эми Аламүдүн районунан 20 жаран Сирияга кеткен экен. Учурда көптөгөн балдар ата-энелердин мээримисиз чоңоюп жатышат. Экинчи бир айрым дин багытындагы жарандар балдарын эмдетүүдөн баш тартышууда деген маалыматтар бар. Ал эми шариятта деле ар бир адамдын оорудан сактануусу зарылдыгы айтылат. Ошондуктан мусулман жарандарыбызга эки тараптан тең түшүндүрүү иштерин жасасак,-деп билдирди уламалар Кеңешинин төрагасынын орун басары Тажидин Байтейитов таксыр.

-Биз өлкөдө биринчилерден болуп өткөн жылы «Мыкты мечит», «Мыкты имам» деген сынактарды өткөрдүк. Негизи диний багытта мыйзам чегинде иштер аткарылып эле жатат,-деген жүйөөсүн келтирди өкүлдүн орун басары Чынара Абдырайымакунова. Ал эми атайын кызматтын кызматкери айрым көйгөйлөрдү белгиледи.

-Биринчиден көптөгөн имамдардын билимдери тайкы. Экинчиден алар эскиче көз карашта калышкандыктан улам окуялар менен эч кандай иштери жок болууда. Ушундан улам дин багытына баш оту менен кирип кеткен айрым жарандардын караңгылыгынан жана каражатка кызыгууларынан пайдалангандар аларды Сирия сыяктуу сырт жактарга үгүттөөдө,-деп билдирди облустагы атайын кызматтын кызматкери.

Облустун мусулмандар дин башкармалыгынын казысы Мамбетасан Ыбыраев ордо калаадан келген таксырлар бир нече күн жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин аткарышаарын шарданалады.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу