мал ууруу-

 2014-жылда облус боюнча кылмыш иликтөө багытында 369 иш өндүрүшкө алынган жана алардын 87,2 пайызынын бети ачылган. Бул кылмыш иликтөөдөгү кылмыштардын 20,3 пайызын мал уурулук түзөөрүн облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) жетекчисинин орун басары Чолпонбек Жусубалиев билдирди.

-Ал эми мал уурулук жалпы уурулуктун 44,8 пайызын түздү. Же болбосо жыл ичинде 65 мал уурулук катталса, анын 84,2 пайызынын бети ачылды. 24 адамдан турган 9 кылмыштуу топ, мал уурдаган 54 жеке адамдар кармалды. Өткөн жылда 148 мал уурдалып, жабырлануучуларга 3 млн. 064 миң сомдук зыян келтирилген. Бул каражаттын 2 млн.580 миң сому өндүрүлгөн,-дейт Ч.Жусубалиев мырза. Ал эми ОИИБдин жетекчиси мал уурулукка мал ээлери да күнөкөр экендигин белгилейт.

-Биздин эсеп боюнча былтыркы жылы 4 млн.768 миң сомдук малды карышкырлар жеп кеткен. Уурулардын келтирген зыяны болсо 3 миллион сомдон бир аз ашык болууда. Демек мал баккан адамдарыбыз малдарын карашпайт дегендик. Ошондуктан малды дагы карап, кайтарып анан сактаганды билсек,-деген пикирин айтат Нарын ОИИБнын жетекчиси Орозобек Молдосариев.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу