БАКС

  Облустук өкүлчүлүктөн алынган маалымат боюнча 2014-жыл ичинде Нарын шаарындагы Төш-Булак чөлкөмү (37,2 млн.сом) менен Жумгал районунун Түгөл-Сай айылын (13,6 млн.сом) таза суу менен камсыздоо жана Жумгал районунун Көкөмерен дарыясына көпүрө куруу (60,7 млн.сом) долбоорлор толук аяктаган. Ал эми 206,5 млн.сомдук 11 долбоор өздөштүрүлүүдө. КРнын Президентинин «2013-2017-жылдарга Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү» программасына кирген улуттук инвестициялык долбоорлордон облус боюнча 2015-жылга карата 2 миллиард 700,1 млн.сомдук 3 долбоор жүзөгө ашырылууда. Алар Жогорку Нарын каскаддарын куруу (856,5 млн.сом), Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун кайра салуу (1 млрд. 815,4 млн.сом) жана Ак-Талаа районундагы Ак-Сай дайрасына башкы суу курулмасын оңдоо (28,2 млн.сом) иштери. Ошол эле учурда жалпы наркы 1 миллиард 95,9 млн.сомдук 15 долбоор каржылоонун өксүктүгүнөн башталбастан токтоп турат.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу