кылмыш

 Чүй облусунун Кемин райондук сотунун 2015-жылдын 25-февралындагы өкүмү менен Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын тез чара көрүүчү атайын отрядынын кызматкери, милициянын прапорщиги Б.Ч.Ш. Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу жана Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү беренелери менен күнөөлү деп табылып, белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп, жаза өтөөгө биротоло 15 (он беш) жылга эркинен ажыратылып, ички иштер органдарында иштөө укугунан 3 (үч) жылдык мөөнөткө ажыратылып, жазаны түзөтүү абактын күчөтүлгөн тартипте өтөсүү белгиленген.

Ушул эле өкүм менен Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн опери, милициянын ага лейтенанты С.Ж.Э. Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу жана Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү беренелери  менен күнөөлү деп табылып, белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп, жаза өтөөгө биротоло 15 (он беш) жылга эркинен ажыратылып, ички иштер органдарында иштөө укугунан 3 (үч) жылдык мөөнөткө ажыратылып, жазаны түзөтүү абактын күчөтүлгөн тартипте өтөсүү белгиленген.Бөгөт коюу чаралары өзгөртүүсүз камакта калтырылсын.

Үчүнчү кызматкер, Ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн опери, милициянын майору Т.Р.Т.нын каза болгондугуна байланыштуу иш кыскартылган.

Жаза өтөө мөөнөтү ар кимисине камакка алынган күндөн баштап эсептелинет.

Өкүмгө нааразы тарап 10 күндүн ичинде Чүй облустук сотуна Кемин райондук соту аркылуу арызданууга же сунуш келтирүүгө акылуу.

Эскерте кетсек, бул соттолуучулар Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери болуп туруп, учунчусу милияциянын майору Т.Р.Т. каза болгондугуна байланыштуу, ага карата кылмыш иши кыскартылган. Булар кызмат адамдары катары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринен өтө эле аша чабышып жана ошол эле аракеттердин натыйжасында адамдын укуктарын жана кызыкчылыктарын зомбулук колдонуу менен жабырлануучунун өлүмүнө алып келүү максаттагы иш аракеттерди жасашып, 2013-жылдын 1-декабрында, саат 11-00 чамасында Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кесимине келген, Чаек айылынын тургуну А.Мамбеталиев аттуу жарандын айдап жүргөн автоунаасын  мыйзамсыз токтотуп, терезелерине чапталган күңүрт пленкаларды белгисиз нерселер менен чийишип, коркутуп, уруп-сабашкан. Натыйжада А.Мамбеталиев  аттуу жаран каза тапкан.

 P.S. Кечирээк, бул кызматкерлерге карата сот отуруму жүрүп жатканда, жумгалдык жабырлануучу А.Мамбеталиевдин тарапташтары жогорудагы милициянын 3 кызматкерине карата мыйзамсыз иштерге барышып, өрттөп салышкан. Натыйжада милициянын бир кызматкери каза тапкан. Бул кылмышка катышкандарга карата соттун өкүмүн жиберебиз.

Айнура Токтошева, Жогорку Соттун басма сөз катчысы