алкоголь

Арактын айынан атасы селсаяк болуп кеткен маалда кызы Сезим 10 жашта болчу. Азыр 20 жашка толуп, супсулуу кыз күйөөгө чыкты. Агалары, эжелери, апасы жакшы турушат, баары анын тоюна абдан жакшы камданышкан. Күйөөгө тийчү жери да бай экен. Бишкектин чоң ресторанында алардын үйлөнүү үлпөт тою болуп жаткан маалда Сезимдин көзүнөн куюлган жаш аппак көйнөгүнө тамчылап жатты. Анткени, ал атасын эстеди. Кубалашып ойноп жүргөн секелек кезинде, мындан 10 жыл мурда атасын акыркы жолу көргөн. Азыр кайынатасынын  төрдө отуруп, абдан сый-урматка бөлөнүп жатканын көрүп, абдан ичи күйдү. Ошондон чыккан ыза көз жаш менен сыртка чыгып жаткан. Анан ал чыдай албады, колуна калем-кагаз алды да, атасына кат жазып кирди. “Атаке, сиздин кайда экениңизди билбейм. Бишкектин көчөлөрүндө селсаяк болуп жүрөт деп айтышат. Сизди бир көрүүгө зармын. Азыр болсо менин үйлөнүү тоюм өтүп жатат. Төрдө кайынатам, кайынагам, апамдын бир туугандары отуруп, абдан сый конок болушууда. Ушул төрдө сиз да отурсаңыз, кандай сонун болмок. Атасы аракеч деген сөздү угуу – мен үчүн оор. Кайда жүрсөңүз да сиз баары бир менин атамсыз. Ошондуктан бул тойдон сиз да ооз тийип коюңуз. Кайда жүрсөңүз да аман болуңуз”-деген катты чоң пакеттин ичине салып, аны атасына арнап кымбат көйнөк, арак, коньяк, устукан, боорсок, конфетке толтурду да, көздөй адамына табыштап, атасын табууну өтүндү. Ал пакет эртеси атасын тапты. Арактан жедеп карып бүткөн, сакал-муруту өскөн, бети шишиген адам өзүнө берип кеткен пакетти таң калуу менен карады. Мындай белекти ага көп жылдан бери эч ким бере элек болчу. Издеп келген деле адам болгон эмес. Жаш бала кеткенден кийин калтыраган колдору менен пакетти ачып, таң калды. Пакет толтура тамак-аш экен. Анын түбүнөн кичүү кызы Сезимдин катын таап алып окуду. Окуп бүтүп, башка чапкандай эңгиреп отуруп калды. Анан шолоктоп ыйлады дейсиң, андай ызага мурда кабылып көргөн эмес. Ошол күнү ал көптөн бери эстебей жүргөн үй-бүлөсүн эстеди. Кичүү кызы Сезимди көргүсү келди. Арак ичүү менен бир эле балдарын эмес, алардын бардык үй-бүлөсүн кайгыга салып жатканын биринчи жолу сезди. Өзү үчүн кызы Сезим күйөөсүнүн астында канча сынаарын эстеди. Ошондо өзүн коерго жер таппай калды. Кызынын күйөөгө тийгени, андан келген кат, адамдардын өзү жөнүндө ою жан дүйнөсүн алеки заматта аңтарып салды. Ошол күндөн баштап арагын токтотту. Намыстанды, арданды. Кызынын күйөөсүнүн, кайынатасынын, башкалардын алдында өзү үчүн шагы сынып калбаса экен деп ойлоду. Намыс аракты жеңди. Бул чындык окуя. Азыр бул киши селсаяктарды арактан айыктыруу менен алек. Үй-бүлөсүн тапкан, бактылуу жашап жатат. Мындай окуя жолунан адашып жүргөндөргө да сабак болсо деп ойлойбуз.

Сымбат МАКСУТОВА