Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө, аңчылык куралы жана көптөгөн октор алынды,-деп кабарлайт Бишкек ШИИБ.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, ок атуучу курал, Кемин районун 58 жаштагы тургуну А.М.дин Бишкектеги Улан кичи районундагы сарайынан табылган. 7,62 калибрлүү 80 даана ок, 5,6 калибрлүү — 450 даана ок, «Сокол» дарысы (порох) — 3 банка. Түтүндүү дары — 1 куту, 16 калибрлүү ИЖ 58 куралы, 32 калирлүү курал, №3, №7, №8 дробь- 40 даана, бир чоң калибрлүү ок жана 5 жыгач кундак. Аталган куралдарга карата уруксат документтери болгон эмес.

Кармалган адам Октябрь РИИБдин тергөө бөлүмүнө жеткирилди.

Кармалган адамдын айтымында, ал аңчы ошондой эле аңчылык куралдарын оңдоп-түздөө менен алектенет. Алынган куралдар ага оңдоп-түздөө үчүн берилген. Азыркы учурда иштин бардык жагдайларын тактоо аракеттери жүрүп жатат.

2bc1065f6c62204554b001e7e227ee10

3f4541a1de7bc215b239ce92ccf33134

408419c36c4fe6d99c8304e6e94fc497