Mehmet_Ali_Shahin_260909_10

Түркиянын коомдук ишмери, сүрөтчү, манас таануучу Мехмет Шахин Ала Тоо Ататүрк университетинин чакыруусу менен Бишкекке келип кетти. Ал университетте “Манас” эпосундагы мотивдер” деген конференцияда кыргызча сөз сүйлөп, “Манастын” ичиндеги мусулманчылык жөнүндө абдан маанилүү, элестүү баян жасады.

Түркиянын мурдагы депутаты, Ала-Тоо Ататүрк университетинин алгачкы ректору, анын имаратын куруунун башында турган адам, илимпоз Мехмет Шахинди сөзгө тартып, Кыргызстан жөнүндө сурадык. Ал акыркы 13 жылдан бери Кыргызстанга 1 гана жолу келген экен. “Мен 1996-жылы Кыргызстанга алгачкы жолу келип, Кадамжайда жаңы ачылган түрк лицейинде иштеп калдым. Ойлопмун, түрк эли абдан меймандос, сыйкор эл болот деп. Мен кыргыздардын меймандостугун көргөндөн кийин ал оюмдан кайттым. Шарты начар, балдары тое тамак жебеген үй-бүлө дагы кайдан-жайдан кой таап келип союп, тапкан-ташыганын конок үчүн алдына жаят. Мен мындай меймандостукту дүйнө кыдырып жүрүп, бир да жерден көргөн жокмун. Түркияда Чыңгыз Айтматовду абдан таанышат. Анын бардык китептери түрк тилине которулуп бүткөн. Анын чыгармаларын улам кийинки муун жакшы окууда. Мен Кыргызстанда жашап-иштеп жүргөндө эки кызым төрөлгөн. Алар азыр бул жерди абдан сагынып турушат. Ысык-Көл дегенде ичкен ашын жерге коет. Азыр келсем Бишкек абдан өзгөрүптүр. Курулуштар көп салынып жатыптыр. Силер экономикабыз өнүкпөй жатат деп ойлобогула. Экономикалык жактан Түркия да, Россия да кыйналып жатат. Өлкөлөрдүн өнүгүшү бири-бирине көз каранды, өз алдынча эч ким өнүгүп кетпейт. Кыргызстанда туруктуулук байкалат, демек өнүгүү алдыга баратат деп айтса болот. Кыргызстандын жаратылышы дүйнө жүзүн өзүнө тартып, суктандыра берери турган иш. Эң негизгиси – илимдүү-билимдүү жаштар көбөйүп баратыптыр. Жаштар үчүн чет өлкөгө чыгып окуп келүүдө эч кыйынчылыктар жок. Мындай жол менен кете берсе Кыргызстан жакында абдан өнүккөн өлкөгө айланат, мен буга терең ишенем”, – деди Мехмет Шахин.

Бул киши Германиядагы бир жыйында Чыңгыз Айтматовду алгач көрүп, ага котормочу болуптур. Ошондо Айтматов ага карап, “кыргыз тилин менден да мыкты сүйлөйт экенсиз” деп  таң калган экен. Азыр Түркияда жашаган бул белгилүү инсан “Манас” эпосун жайылтууда чоң эмгек жасап жаткан экен. Анын “Манас” боюнча сүйлөгөнүн угуп, Кыргызстанда жашаган айрым кыргыздардан да Манасты мыкты билээрин көрүп, ыраазы болдук. Кыргыз тилин үйрөнүп, Манасты, Ысык-Көлдү, Кыргызстанды, Айтматовду, дегеле кыргыз элин, жерин сүйгөн бул адамга “кайда жүрсөңүз да аман болуңуз”, -дедик.

Сымбат Максутова